Кабар - Кыргыз Улуттук Маалымат Агенттиги - Убактылуу θкмөттүн курамы
   
БИШКЕК   18:42   Шейшемби   07 Сентябрь   2010

Бишкек ш. аба ырайы
07.09.2010 г. (күндүз)
32°C, күн ачык болот, жаан жаабайт

08.09.2010 г. (кечинде)
24°C, күн ачык болот, жаан жаабайт

08.09.2010 г. (түнксүн)
22°C, күн ачык болот, жаан жаабайт

08.09.2010 г. (эртең менен)
33°C, күн ачык болот, жаан жаабайт
Источник: gismeteo.ru

КУРС ВАЛЮТ НБКР
USD46.8644+0.03%
EUR60.1187+1.25%
RUB1.5265+0.31%
KZT0.3181+0.19%
Мамлекет жана саясат | Кадр саясаты | Коом | Экономика | Билим жана илим | Маданият | Иш жаңылыктары | Аймак жаңылыктары | Медицина | Спорт


 <<   Сентябрь 2010   >>
ДШШБЖИЖ
      1     2     3     4     5
     6     7     8     9   10   11   12
   13   14   15   16   17   18   19
   20   21   22   23   24   25   26
   27   28   29   30 

ASIC ESL


 



Убактылуу θкмөттүн курамы


 


Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрагасы
 

Роза Исаковна ОТУНБАЕВА

 
1950-жылдын 23-августунда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган. Кыргыз. Жогорку билимдүү. 1972-жылы Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин, 1975-жылы – Ломоносов атындагы ММУнун философия факультетинин аспирантурасын бүтүргөн, философия илимдеринин кандидаты, доцент.
 
Эмгек жолун 1975-жылы Кыргыз макмлекеттик университетинин философия кафедрасынын окутуучусу болуп баштаган. 1981-жылга чейин ушул окуу жайында улуу окутуучу, кафедра башчысы болуп иштеген.
 
1981-1983-жылдарда – Фрунзе шаарындагы партиянын Ленин райкомунун экинчи катчысы.
 
1983-1986-жылдарда – партиянын Фрунзе шааркомунун катчысы.
 
1986-1989-жылдарда – Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри.
 
1989-1991-жылдарда – ЮНЕСКОнун (БУУнун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмунун) иштери боюнча СССРдин комиссиясынын жооптуу катчысы, төрагасы, СССР Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын мүчөсү.
 
1992-жылда – Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Тышкы иштер министри.
 
1992-1994-жылдарда – Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.
 
1994-1997-жылдарда – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри.
 
1997-жылдан 2002-жылга чейин – Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы жана Түндүк Ирландиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.
 
2002-2004-жылдарда – БУУнун Башкы катчысынын грузин-абхаз мамилесин жөнгө салуу боюнча Атайын Өкүлүнүн орун басары.
 
2004-жылда – “Ата-Журт” (“ОТЕЧЕСТВО”) кыймылынын тең төрагасы.
 
2005-жылда – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри.
 
2006-2007-жылдарда – “Асаба” партиясынын тең төрагасы.
 
2007-жылы Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмеси боюнча IV чакырылган Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. Конституциялык мыйзам жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин мүчөсү болуп эсептелет.
 
Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.
 
СССР ТИМинин Ардак грамотасы (1990-ж.), Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (1994-ж.) менен сыйланган.
 
2009-жылдын 11-ноябрынан тартып КСДП фракциясынын лидери.
 
2009-жыл – Бириккен элдик кыймылдын (БЭК) Бюро мүчөсү.
 
2010-жылдын 17-мартында Кыргызстандын Элдик курултайында Элдик курултайдын Борбордук аткаруу комитетинин төрагалыгына шайланган.
 
2010-жылдын 7-апрелинен бери – Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүн башкарат.
 

  
 
 

Убактылуу өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары

Алмаз Шаршенович Атамбаев

 

1956-жылдын 17-сентябрында Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Стрельникова атындагы совхозунун Арашан айылында жумушчулардын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Атамбаев Шаршен 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу.

Кыргыз. Жогорку билимдүү. 1980-жылы Серго Орджоникидзе атындагы Москва башкаруу институтун (азыр - Россия башкаруу академиясы) инженер-экономист адистиги боюнча бүтүргөн, өндүрүштү башкаруунун уюштуруучусу.

Эмгек жолун  1980-жылы Кыргыз ССР Байланыш министрлигинде инженер болуп баштаган. 1981-жылдан 1983-жылга чейин 4-ЖБнын (жол башкармасынын) башкы инженери болуп иштеген. Андан кийин 1983-жылдан тартып 1987-жылга чейин Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Президиумунда жооптуу кызматтарда эмгектенген. 1987-жылдан 1989-жылга чейин Фрунзе шаарындагы Эл депутаттарынын Биринчи Май райондук кеңешинин төрагасынын орун басары болгон.

1983-жылдан СССР Жазуучулар бирдигинин мүчөсү. Коомдук башталыштарда Кыргызстан жазуучуларынын адабият фондусун башкарат.

1989-жылы “Форум” илимий-өндүрүш фирмасын уюштуруп, кийинчерээк  ал фирма өнөр жай ишканаларынын катарына кошулган.

1993-жылы бир катар белгилүү саясатчылар менен бирге Кыргызстан Социал-демократиялык партиясын негиздеген, бүгүнкү күнгө чейин анын лидери болуп эсептелет.

1997-жылдан 1999-жылга чейин “Кыргызавтомаш” акционердик бирикмесинин башкы директору болуп иштеген.

1999-жылдан тартып алардын бөлүктөрүнүн базасында түзүлгөн Бишкектеги бир катар ири заводдорду, ошондой эле биргелешкен ишканаларды бириктирген “Форум” өнөр жай тобунун (2004-жылдан бери – “Кыргызавтомаш” корпорациясы) Директорлор кеңешинин төрагасы болуп келген. Бир эле убакта “Кыргызавтомаш” акционердик бирикмесинин, “КТИ Агромаш” акционердик бирикмесинин Директорлор кеңештерин башкарып турган.

1995-2000-жылдарда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттыгына шайланган.

2000-жылы талапкер катары Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышкан.

2005-жылдын сентябрынан 2006-жылдын апрелине чейин – Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министринин кызматын ээлеп турган.

2007-жылдын мартынан 2007-жылдын декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматын аткарган.

1999-жылы республиканын өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн А. Атамбаев “Даңк” медалы менен сыйланган.

2007-жылдын ноябрында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жана улуттардын ортосундагы ынтымакты сактоого кошкон салымы үчүн “Данакер” ордени менен сыйланган.

2008-жылы Бириккен элдик кыймылдын (БЭК) лидери болуп шайланган.

2010-жылдын 7-апрелинен бери Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары.

 

 


 

 
Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары

Темир Агенбаевич Сариев



1963-жылдын 17-июнунда Чүй облусундагы Сокулук районунун Төш-Булак айылында туулган. Кыргыз. Жогорку билимдүү. 1989-жылы Кыргыз улуттук мамлекеттик университетинин экономикалык факультетин бүтүргөн.
 
1981-жылдан 1983-жылга чейин Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
 
Эмгек жолун 1984-жылы Аламүдүн тери фабрикасында баштаган, экспедитордун, экономисттин жана улук экономисттин кызматтарын аткарган.
 
1987-1989-жылдарда комсомолдун Аламүдүн райондук комитетинин НТТМ жумушчу жаштар бөлүмүнүн инструктору жана башчысы.
 
1990-1991-жылдарда Аламүдүн райондук аткаруу комитетинин төрагасынын жана аппарат жетекчисинин орун басары.
 
1991-жылы Кыргыз товардык-сырье биржасын негиздеген жана биринчи президенти болгон, аны 1995-жылга чейин башкарып турган.
 
1995-жылы “Төтөн” финансы-өнөр жай фирмасынын башкы директору.
 
2000-2007-жылдарда Жогорку Кеңештин (Парламенттин) эки чакырылышынын депутаты, бюджет жана финансы боюнча комитеттин мүчөсү.
 
2005-жылы  Кыргызстан Конституциялык кеңешмесинин мүчөсү.
 
2007-жылы  “Реформа үчүн!” кыймылынын тең төрагасы, бир эле убакта “Ак шумкар” демократиялык күчтөрдүн бирдиги” саясий партиясынын тең төрагасы.
 
2008-жылдын 24-декабрынан тартып  Кыргызстандын “Бириккен элдик кыймылынын” саясий бюросунун мүчөсү.
 
2009-жылдын башталышында президенттик шайлоого катышкандыгына байланыштуу “БЭКтин” катарынан чыккан.
 
2010-жылы  “Бириккен элдик кыймылдын” саясий бюросунун курамында мүчөлүгүн жаңыртты.
 
2010-жылдын 7-апрелинен тартып – Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, Финансы министринин милдетин аткаруучу.
 
Т. Сариев  IIкласстагы мамлекеттик кеңешчи деген класстык чинге ээ.



Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары
Өмүрбек Чиркешович Текебаев
 
1958-жылдын 22-декабрында Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Акман айылында туулган. Кыргыз.
 
1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетин бүтүргөн. 1981-1991-жылдарда Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Акман айылынын мектебинде физика мугалими болуп иштеген.
 
1991-жылдын февралында “Эркин Кыргызстан” (“Свободный Кыргызстан”) улуттук-демократиялык партиясынын негиздөөчүлөрдүн бири болду.
 
1991-жылдын апрелинде Жалал-Абад облусунун антимонополиялык саясат жана ишкердикти колдоо боюнча башкармасынын башчысы, Жалал-Абад Эл депутаттарынын облустук кеңешинин президиумунун мүчөсү болот.
 
 1991-жылы СССР Жогорку Кеңешинин мүчөлүгүнө, Улуттар кеңешинин юридика маселелери боюнча комитетинин мүчөлүгүнө шайланган.
 
1992-жылы “Ата Мекен” (“Отечество”) социалисттик партиясын түзөт, анын курамында Жогорку Кеңешке кирет.
 
1992-1994-жылдарда Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басарынын кызматын ээлеп турган.
 
1994-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөн.
 
1995-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер болгон.
 
1995-2000-жылдарда  биринчи чакырылган Жогорку Кеңештин депутаты, Мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча комитеттин төрагасаы.
 
1996-2000-жылдарда  КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын мүчөсү.
 
2000-жылы Евразия экономикалык шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын бюро мүчөсү.
 
2000-жылдан 2001-жылга чейин Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары (вице-спикер) болгон. Оппозициянын өкүлү катары жаңы Конституцияны иштеп чыгууга катышкан.
 
2003-жыл  Евразия экономикалык шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын гуманитардык маселелер боюнча комитетинин төрагасы.
 
2000-2005-жылдарда үчүнчү чакырылган Жогорку Кеңештин депутаты.
 
2007-жылдын февралында “Реформа үчүн!” кыймылынын жана “Кыргызстандын татыктуу келечеги үчүн” бириккен фронтунун мүчөсү.
 
2008-жылдын декабрында Бириккен элдик кыймылдын Саясий бюросунун курамына кирген.
 
2010-жылдын 7-апрелинен бери – Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары.
 
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи. Мамлекеттик кызматтын I класстагы чинине ээ.


Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары
 
Азимбек Анаркулович Бекназаров
 
1956-жылдын 5-ноябрында Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кара-Суу айылында туулган.
 
1984-жылы Ташкенттеги юридика техникумун бүтүргөндөн кийин Жалал-Абад облусундагы Аксы райондук сотунун сот аткаруучусу болот.
 
1986-1990-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетинде окуган.
 
1990-1997-жылдарда Жалал-Абад облусунун тергөөчүсүнүн, андан кийин прокурорунун кызматында иштейт.
 
1997-2000-жылдарда  Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы.
 
2000-2005-жылдарда  экинчи чакырылган Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты.
 
2005-жылдын мартынан сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору.
 
2007-жылдан тартып оппозициянын жигердүү ишмери болуп эсептелет.
 
2008-жылдын декабрынан тартып Кыргызстан Бириккен элдик кыймылынын штабынын жетекчиси.
 
2010-жылдын апрелинен бери – Кыргыз Ресапубликасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары.
 
Юстициянын генерал-лейтенанты, IIкласстагы мамлекеттик кеңешчи.


 

Убактылуу өкмөттүн аппаратынын жетекчиси
 
 Эмилбек Саламатович Каптагаев
 
1957-жылдын 18-июнунда Ысык-Көл районунун Чоктал айылында туулган. Кыргыз. Жогорку билимдүү, физика-математика илимдеринин кандидаты. 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин бүтүргөн. Ошондой эле 1987-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын аспирантурасын аяктаган.
 
Эмгек жолун 1980-жылы Илимдер академиясынын физика жана математика институтунун инженери болуп баштаган. 1991-жылга чейин Илимдер академиясынын математика институтунун кенже илимий кызматкери болуп иштеген. 1991-1993-жылдарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштардын иштери боюнча мамкомиссиясынын тобунун башкы адиси, жетекчиси, Компартиянын Борбордук Комитетинин экинчи катчысынын жардамчысы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик контракт комитетинин бөлүмүнүн башчысы, Соода жана материалдык резервдер министринин консультанты болуп иштеген.
 
1993-1994-жылдарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын социалдык-саясий талдоо жана божомолдоо бөлүмүнүн башчысы.
 
1994-1996-жылдарда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси.
 
1996-1999-жылдарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы.
 
1999-2002-жылдарда Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын – губернаторунун биринчи орун басары.
 
2002-2004-жылдарда  Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими.
 
2004-жылдын августунан тартып 2006-жылдын январына чейин – коомдук- саясий иш, 2005-жылдын июлунан тартып – “Улуу биримдик” улуттук-демократиялык партиясынын төрагасы.
 
2006-жылдын январынан 2007-жылдын сентябрына чейин – “Ысык-Көл” биосфералык аймагынын башкы дирекциясынын директору.
 
2007-жылдын сентябрынан тартып – коомдук-саясий иш, “Улуу биримдик” Улуттук-демократиялык партиясынын төрагасы, “Өнүгүүнүн перспективалуу стратегиялар институту” коомдук фондусунун директору.
 
2008-жылдан тартып Бириккен элдик кыймылынын Саясий бюросунун мүчөсү.
 
2010-жылдын апрелинен бери – Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси.
 
Кыргыз Республикасынын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси болуп эсептелет.



КР ички иштер министринин милдетин аткаруучу

Болотбек Эсентаевич Шерниязов
 
1959-жылдын 1-майында Талас облусундагы Манас районунун Пушкин атындагы айылында туулган. Кыргыз.
 
1977-жылы Москва шаарында кесиптик-техникалык окуу жайын аяктагандан кийин Москурулуш трестинин кыш кынаптоочусу болуп иштеген.
 
1977-1979-жылдарда СССР Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөгөн.
 
Бауман атындагы Москва жогорку техникалык окуу жайында окугандан кийин, 1979-1982-жылдарда Москвадагы “Салют” машина жасоо заводунун штамповкалоочусу, Ленин атындагы заводдо слесарь болуп иштеген.
 
1988-жылы СССР ИИМинин Фрунзедеги милициянын атайын орто мектебин бүтүргөн жана 1991-жылга чейин Кыргыз Республикасынын ИИМинин милиция органдарында кызматта болгон.
 
1994-жылы Талас облусундагы Манас районунун эл депутаттарынын Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттыгына шайланган.
 
1991-1998-жылдарда “Шер” фирмасын башкарып турган.
 
1998-жылы – республикалык “Көк бөрү” федерациясынын президенти.
 
2001-жылы – Эл аралык “Көк бөрү” федерациясынын башкы катчысы.
 
2000-жылдын февралында Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттыгына шайланган жана Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын Жаштардын иштери, спорт, туризм, коомдук бирикмелер жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыштар боюнча комитетин башкарып турган.
 
2005-жылдын мартында үчүнчү чакырылган Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болгон.
 
2010-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.



КР өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу
 
Дүйшөнкул Тезекбаевич Чотонов
 
1967-жылдын 2-октябрында Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. Кыргыз. 1993-жылы Ош мамлекеттик университетинин тарых-юридика факультетин артыкчылык менен бүтүргөн.
 
1985-1987-жылдарда СССР Куралдуу Күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн.
 
1993-жылы Кыргызстан студенттер бирдигинин төрагалыгына шайланган.
 
1993-1994-жылдарда  Азиянын студенттер жана жаштар уюмдарынын президенти.
 
1994-1995-жылдарда  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштардын иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасынын орун басары.
 
1995-1996-жылдарда  “Ата мекен” партиясынын Аткаруу комитетинин төрагасы.
 
1996-жылы “Жаңы Кыргызстан” кыймылын түзгөн жана бул кыймылдын төрагалыгына шайланган.
 
1998-2000-жылдарда  Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын аппаратында улук консультант. 2000-жылдан тартып  “Ата мекен” социалисттик партиясынан партиялык тизме боюнча Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты. Салык, бажы жана башка жыйымдар боюнча комитеттин мүчөсү, бажылык пошлиналар жана жыйымдар боюнча чакан комитеттин төрагасы.
 
2008-жылы Бириккен элдик кыймылынын (БЭК) Саясий бюросунун курамына кирген.
 
2010-жылдын 8-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин башкарып келатат.                                                                                                                                                                                                                                                  



 






 


ВИДЕО
Get the Flash Player to see this player.
 


Кыргызстан эли эркиндикти тандады:
7-апрелдин 7 соболу

«КАБАРДЫН» долбоору



Алиясбек Алымкулов:

«Хан элдин кулу болгондо - ал элдин багы, хан тактын кулу болгондо - ал элдин шору»- деген кыргыздын терен философиялык маанини камтыган макалды эске алганда Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлиги мындай тагдырга учурамак эмес»


Толугу менен…

Долбоордун башка катышуучулары…
 
2010 Баардык укуктар корголгон
© Кабар
Разработка сайта - Компания Megahard