КР Президенти Оштогу жолугушууларда эл аралык полиция күчтөрү жөнүндө айтты
Бишкек 30-июль (КАБАР) Түштүк аймакта иш сапар менен жүргөн КР Президенти Роза Отунбаева Ош шаарында Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын жана улуттук-маданий борборлордун өкүлдөрү менен да жолугушту. Аңгемелешүү учурунда коопсуздук үчүн көрүлүп жаткан чаралар, тополоңдо жабыркагандарга жардам берүү жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык жагдайды жакшыртуу жаатында мамлекеттин жана өкмөттүн аракеттери туурасында маалымат берди.
Коопсуздук маселелерине токтолгон мамлекет башчысы ЕККУнун түштүк аймагына киргизилчү куралсыз полиция тобун Кыргызстан каржылабай турганын, алар тартип коргоо кызматкерлерине кеңеш берип, абалга мониторинг жүргүзүү иши менен гана чектелээрин айтты. (Президенттин басма сөз кызматы)
«Хан элдин кулу болгондо - ал элдин багы, хан тактын кулу болгондо - ал элдин шору»- деген кыргыздын терен философиялык маанини камтыган макалды эске алганда Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлиги мындай тагдырга учурамак эмес»