Дайынсыз жоголгондордун жакындары Президент менен жолугушуп, өз талаптарын билдиришти (фотосу менен)
БИШКЕК, 30-июль. (КАБАР). Бүгүн Ош облустук мамлекеттик администрациясынын имаратында президент Роза Отунбаева түштүктөгү каргашалуу окуялар учурунда дайынсыз жоголгондордун жакындары менен жолугушту. Жолугушууга вице-премьер-министр Ө. Абдуллаева, ички иштер министри Кубатбек Байболов, билим берүү жана илим министри Канат Садыков, эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция министри Айгүл Рыскулова, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, башкы прокурор Байтемир Ибраев жана башкалар катышты.
Дайынсыз жоголгондордун туугандары башаламандыкта каза болгондорду апрель окуяларында шейит кеткендер менен тең кароо өтүнүчүн билдиришти. Алар каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө коммуналдык төлөм, айрым салыктар боюнча жеңилдиктерди берүү, элдеги курал-жарактарды алуу, башаламандыкты уюштурган кылмышкерлерди жоопкерчиликке тартуу, дайынсыз жоголгондор жана каза болгондордун жакындарына компенсация берүү талабын коюшту. Мындан тышкары жолугушууга катышкандар эки элдин элдешүү акциясын ашыкча көрсөтүүнүн зарылчылыгы жок экендигин, жарашуу акырындык менен жүзөгө ашаарын белгилешти. Ошондой эле алар ЕККУ полиция күчтөрүн киргизүүгө каршы пикирлерин айтышып, аларды киргизүү жергиликтүү күч органдарынын алсыздыгын айгинелей тургандыгын билдиришти.
Өз кезегинде Ош шаарынын коменданты Курсан Асанов учурда жоголгондорду издөө, куралдарды алуу, күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу иши жүрүп жаткандыгын билдирип, оперативдик-иликтөө иш чараларында айрым тоскоолдуктар болуп жаткандыгын айтты. Ал эми башкы прокурор Байтемир Ибраев Ош облусу боюнча 41, Жалал-Абадда 4 адам дайынсыз жоголгондугун маалымдап, 62 сөөктүн ким экени аныкталбагандыгын билдирди. Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун айтымында, учурда 184 ДНК үлгүсү алынгандыгын айтып, кабырга, тиштеринен алынган үлгүлөр Россиядан текшерилээрин кошумчалаган.
Жолугушуунун соңунда президент Р. Отунбаева Өкмөттүн толук курамы, Ө. Абдуллаева жетектеген ведомстволор аралык комиссия, Ош, Жалал-Абад облустарынын тургундарын тынчсыздандырган бардык көйгөйдү чечүүнүн үстүнөн иштеп жатышкандыгын айтты. (Канатбек Абдрахман уулу, фотосу автордуку)
«Хан элдин кулу болгондо - ал элдин багы, хан тактын кулу болгондо - ал элдин шору»- деген кыргыздын терен философиялык маанини камтыган макалды эске алганда Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлиги мындай тагдырга учурамак эмес»