Кабар - Кыргыз Улуттук Маалымат Агенттиги - Р. Отунбаева Ош шаарында үй-жайы өрттөнүп кеткендер менен жолугушту
   
БИШКЕК   17:39   Шейшемби   07 Сентябрь   2010

Бишкек ш. аба ырайы
07.09.2010 г. (күндүз)
32°C, күн ачык болот, жаан жаабайт

08.09.2010 г. (кечинде)
24°C, күн ачык болот, жаан жаабайт

08.09.2010 г. (түнксүн)
22°C, күн ачык болот, жаан жаабайт

08.09.2010 г. (эртең менен)
33°C, күн ачык болот, жаан жаабайт
Источник: gismeteo.ru

КУРС ВАЛЮТ НБКР
USD46.8644+0.03%
EUR60.1187+1.25%
RUB1.5265+0.31%
KZT0.3181+0.19%
Мамлекет жана саясат | Кадр саясаты | Коом | Экономика | Билим жана илим | Маданият | Иш жаңылыктары | Аймак жаңылыктары | Медицина | Спорт


 <<   Сентябрь 2010   >>
ДШШБЖИЖ
      1     2     3     4     5
     6     7     8     9   10   11   12
   13   14   15   16   17   18   19
   20   21   22   23   24   25   26
   27   28   29   30 

VLSI ESL


 


30/07/2010 17:13

Р. Отунбаева Ош шаарында үй-жайы өрттөнүп кеткендер менен жолугушту


БИШКЕК, 30-июль. (КАБАР). Бүгүн түштөн кийин президент Роза Отунбаева Ош шаарындагы “Ош району” деп аталган  кичирайондо болуп, ал жерде үйлөрү өрттөнүп кеткен кыргыз үй-бүлөлөрү менен жолугушту. Жолугушууга шаар мэри М. Мырзакматов, Ош облусунун коменданты Б. Алымбеков, вице-премьер-министр-Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын директору Ж. Сатыбалдиев жана башкалар катышты.

            Жабыркаган 16 үй-бүлө үй-жайы менен кошо бардык документтер  өрттөнүп кеткендигин, ушундан улам тиешелүү органдарга кайрыла алышпай жаткандыгын билдиришти. Ошондой эле аларга гуманитардык жардам керектүү өлчөмдө берилбей жаткандыгына нааразычылыктарын айтышты. Жабыркагандардын айтымында, алар жашаган кичи район өзбек махалясы болгондуктан, каргашалуу окуя башталганда, тагыраак айтканда, 11-июнь күнү түнкү саат 23.00дө алар комендатура кызматкерлери тарабынан шашылыш көчүрүлүп кеткен. Көзөмөл кыла турган адам калбагандыктан, алардын үй-жайы толук өрттөлгөн.

            Р. Отунбаева аталган кичи райондо жабыркагандардын тизмесин түзүп, аларга зарыл жардамдар көрсөтүлө тургандыгын билдирди. Мында турак-жай курууда үйдүн 100 чарчы метрине кеткен чыгым мамлекет тарабынан берилээри, калганы донорлор көрсөтө турган жардамдын эсебинен толукталаары маалымдалды. Ал эми үйү чоң болуп, көрсөтүлгөн жардамдан көп каражат корото турган үй-бүлөлөргө узак мөөнөттүк насыялар берилет.

            Мындан тышкары жолугушууга катышкандар учурда турак-жайы жок болгондуктан, туугандарыныкында жүргөндүктөрүн, күз келсе балдарын кайсы мектепке жөнөтөөрүн билишпегендигин айтышты. Шаар башчысы М. Мырзакматов бул маселени билим берүү башкармалыгы менен бирге карап, оң жагына чечип бере тургандыгын билдирди. (Канатбек Абдырахман уулу)


« Пред.   След. »


ВИДЕО
Get the Flash Player to see this player.
 


Кыргызстан эли эркиндикти тандады:
7-апрелдин 7 соболу

«КАБАРДЫН» долбоору



Алиясбек Алымкулов:

«Хан элдин кулу болгондо - ал элдин багы, хан тактын кулу болгондо - ал элдин шору»- деген кыргыздын терен философиялык маанини камтыган макалды эске алганда Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлиги мындай тагдырга учурамак эмес»


Толугу менен…

Долбоордун башка катышуучулары…
 
2010 Баардык укуктар корголгон
© Кабар
Разработка сайта - Компания Megahard