Кабар - Кыргыз Улуттук Маалымат Агенттиги - Өзбек Республикасы Баткен облусунун аймагынан күнүнө 20 тонна мунайзат бекер сордуруп алат
   
БИШКЕК   21:22   Бейшемби   09 Сентябрь   2010

Бишкек ш. аба ырайы
09.09.2010 г. (күндүз)
33°C, күн ачык болот, жаан жаабайт

10.09.2010 г. (кечинде)
24°C, күн ачык болот, жаан жаабайт

10.09.2010 г. (түнксүн)
22°C, күн ачык болот, жаан жаабайт

10.09.2010 г. (эртең менен)
34°C, күн ачык болот, жаан жаабайт
Источник: gismeteo.ru

КУРС ВАЛЮТ НБКР
USD46.8600+0.00%
EUR60.1187+1.25%
RUB1.5265+0.31%
KZT0.3181+0.19%
Мамлекет жана саясат | Кадр саясаты | Коом | Экономика | Билим жана илим | Маданият | Иш жаңылыктары | Аймак жаңылыктары | Медицина | Спорт


 <<   Сентябрь 2010   >>
ДШШБЖИЖ
      1     2     3     4     5
     6     7     8     9   10   11   12
   13   14   15   16   17   18   19
   20   21   22   23   24   25   26
   27   28   29   30 

Blog Technology


 


30/07/2010 16:56

Өзбек Республикасы Баткен облусунун аймагынан күнүнө 20 тонна мунайзат бекер сордуруп алат


Баткен 30-июль (КАБАР) Облустун  губернаторунун милдетин аткаруучу Султанбай Айжигитовдун  айтымында Кыргызстандын 400 гектар аймагында Өзбекстандын  134 газ скважинасы бар. Ал эми  40  мунайзат скважинасынын 18и оң абалда болуп  бүгүнкү күндө 1300метр тереңдиктен мунайзатын сордуруп алууда. Ошондой эле Өзбекстан тарап  1,5 миң гектар жерди газ камоочу жай катары пайдаланып келет. Ошол эле учурда ал аймакта  газдын 5 миллард метр куб жана мунайдын 600 миң тонна кору бар. 

 Облус башчысынын айтуусу боюнча мунайзат скважиналары аркылуу Өзбекстанга күнүнө 20 тонна мунайзат жер астындагы түтүктөр аркылуу агып кетүүдө.

“Өзбекстанга кетип жаткан мунайзатты жана газды токтотууга жасаган аракетибиз оңунан чыкпай жатат. Кыргызстандагы мунайзат  жана газ компанияларынын ээлеринин түшүнүксүз мамилесинен улам, ал байлыкка облустун ээ болуусуна мүмкүнчүлүк болбой жатат”, деп айткан облус губернаторунун милдетин аткаруучу КР Президенти менен жолугушуу учурунда..

Өзбекстандын 1950-жылдардан бери Баткен облусунун аймагындагы аталган газ жана мунайзат скважиналары,  жерге төлөнүүчү карыздары 665 млн. сомго жетти. Бул боюнча өзбек тарапка облустук бийликтин билдирүүлөрү азырынча жоопсуз калып келүүдө. (М. Бердишев)


« Пред.   След. »


ВИДЕО
Get the Flash Player to see this player.
 


Кыргызстан эли эркиндикти тандады:
7-апрелдин 7 соболу

«КАБАРДЫН» долбоору



Гүлниза Бейшенбаева:

«Өлкөдө сөз эркиндиги муунтулуп, ачык айтып чыккан журналист болобу, саясатчы болобу куугунтукталып, камалып, сабалып, бейкүнөө соттолуп жатты»


Толугу менен…

Долбоордун башка катышуучулары…
 
2010 Баардык укуктар корголгон
© Кабар
Разработка сайта - Компания Megahard