Кабар - Кыргыз Улуттук Маалымат Агенттиги - Акыйкатчы орун басары менен чатакташууда
   
БИШКЕК   18:49   Шейшемби   07 Сентябрь   2010

Бишкек ш. аба ырайы
07.09.2010 г. (күндүз)
32°C, күн ачык болот, жаан жаабайт

08.09.2010 г. (кечинде)
24°C, күн ачык болот, жаан жаабайт

08.09.2010 г. (түнксүн)
22°C, күн ачык болот, жаан жаабайт

08.09.2010 г. (эртең менен)
33°C, күн ачык болот, жаан жаабайт
Источник: gismeteo.ru

КУРС ВАЛЮТ НБКР
USD46.8644+0.03%
EUR60.1187+1.25%
RUB1.5265+0.31%
KZT0.3181+0.19%
Мамлекет жана саясат | Кадр саясаты | Коом | Экономика | Билим жана илим | Маданият | Иш жаңылыктары | Аймак жаңылыктары | Медицина | Спорт


 <<   Сентябрь 2010   >>
ДШШБЖИЖ
      1     2     3     4     5
     6     7     8     9   10   11   12
   13   14   15   16   17   18   19
   20   21   22   23   24   25   26
   27   28   29   30 

SVTechie High Level Synthesis


 


30/07/2010 16:47

Акыйкатчы орун басары менен чатакташууда


Бишкек 30-июль (КАБАР) Акыйкатчы Турсунбек Акундун орун басары Таалайбек Кошоков бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, жетекчисин пара алат, кол алдындагыларды кагып силкип мамиле кылат, бюджеттин акчаларын ысырап кылат, деп күнөөлөп, аны Акыйкатчы институтун жетектегенге моралдык укугу жок деп айыптады.

Анын айтымында, мурда аталган институт жылына 60 миң арызды караса, Т. Акун кызматка келери менен бул сан 10 миңге түшүп калган. Ошондой эле ал көрсөткөн кызматы үчүн акыйкатчынын пара ала турганын, бул тууралуу ага жакында эле төрт аял билдиргенин кошумчалады. Мындан сырткары Т. Кошоков аны өз майрамдарын казынадагы каражаттын эсебинен өткөрөт деп айтып, бул дооматтарын Убактылуу өкмөткө жеткирерин, эгер көңүл бурулбаса түрдүү акцияларды өткөрөрүн белгиледи.

Ал эми Турсунбек Акун
: Акыйкатчынын орун басары Таалайбек Кошоков Ошко барып бир жыл иштемек. Ага макул болбой, үч жолу буйрук чыгарсам аткарбай койгон. Ал бир жылдан бери бекер айлык алып, ишти аткарбай келип-кетип жүрөт. Ал бир топ жолу арызданып, мени Каржы полициясы да текшерип, эч нерсе тапкан эмес”-деди Акыйкатчы. Анын айтымында, ушундан улам анын кабинети, түшкөн машинеси жана айлыгы алынып салынган.


« Пред.   След. »


ВИДЕО
Get the Flash Player to see this player.
 


Кыргызстан эли эркиндикти тандады:
7-апрелдин 7 соболу

«КАБАРДЫН» долбоору



Алиясбек Алымкулов:

«Хан элдин кулу болгондо - ал элдин багы, хан тактын кулу болгондо - ал элдин шору»- деген кыргыздын терен философиялык маанини камтыган макалды эске алганда Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлиги мындай тагдырга учурамак эмес»


Толугу менен…

Долбоордун башка катышуучулары…
 
2010 Баардык укуктар корголгон
© Кабар
Разработка сайта - Компания Megahard