БУУнун алкагында балдарды эне сүтү менен багуу жумалыгы өтөт
Бишкек, 30-июль (КАБАР) Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана БУУнун балдар фонду ЮНИСЕФ 1-августтан 7-августка чейин, жаңы төрөлгөн балдарды эмчек сүтү менен багуу ошондой эле эне сүтүнүн баалуулугун түшүндүрүү тууралуу иш чара өткөзөт. Учурда мындай иш чара 120 өлкөдө турмушка ашырылууда –деп билдирет БУУнун маалымат борбору.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму “Жаңы төрөлгөн бала эки жашка чейин эмчек сүтү менен багылууга тийиш.Ал эмиэмизбейкоюудан же эмчектен эрте чыгарып таштооар кандай ооруларга тез чалдыгуусунаадып келет, чоңоюусу кечеңдейт”- дейт.
Ошондуктан бала 6 айга чейин жалаң эмчек сүтү менен гана азыктанышы керек. Кошумча тамак андан кийин улантылсышы зарыл. ЮНИСЕФ дал ушул талап аткарылганда күнүнө 3500 же болбосо жылына 1миллион300 миң баланын өмүрү сактала тургандыгын билдирди. (М.Мамырова)