Кабар - Кыргыз Улуттук Маалымат Агенттиги - В. Филиппов: Россиянын аймагында 38 миң кыргызстандык ишке орношууга уруксат алган
   
БИШКЕК   18:42   Шейшемби   07 Сентябрь   2010

Бишкек ш. аба ырайы
07.09.2010 г. (күндүз)
32°C, күн ачык болот, жаан жаабайт

08.09.2010 г. (кечинде)
24°C, күн ачык болот, жаан жаабайт

08.09.2010 г. (түнксүн)
22°C, күн ачык болот, жаан жаабайт

08.09.2010 г. (эртең менен)
33°C, күн ачык болот, жаан жаабайт
Источник: gismeteo.ru

КУРС ВАЛЮТ НБКР
USD46.8644+0.03%
EUR60.1187+1.25%
RUB1.5265+0.31%
KZT0.3181+0.19%
Мамлекет жана саясат | Кадр саясаты | Коом | Экономика | Билим жана илим | Маданият | Иш жаңылыктары | Аймак жаңылыктары | Медицина | Спорт


 <<   Сентябрь 2010   >>
ДШШБЖИЖ
      1     2     3     4     5
     6     7     8     9   10   11   12
   13   14   15   16   17   18   19
   20   21   22   23   24   25   26
   27   28   29   30 

Techies Resources High Level Synthesis


 


30/07/2010 15:48

В. Филиппов: Россиянын аймагында 38 миң кыргызстандык ишке орношууга уруксат алган


БИШКЕК, 30-июль. (КАБАР). Быйылкы жылдын башталышынан бери Россиянын аймагында 38 миң кыргызстандык ишке орношууга уруксат алган. Бул туурасында бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында РФ Федералдык миграция кызматынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Владимир Филиппов билдирди.

            Анын айтуусунда, бул расмий каттооодон өткөндөр гана болуп саналат. Ал эми такталбаган мыйзамсыз эмгек мигранттарынын саны кыйла көп. “Россияда Кыргызстандын канча эмгек мигранты жүргөндүгүн эч ким так көрсөтө албайт. Алардын мыйзамдуу түрдө ишке орношуусун камсыздоо багытында Россия бардык аракеттерди көрүүдө. Эгерде 2007-жылы иштөө үчүн уруксат алууга 14 документ топтоо зарыл болсо, учурда 4 гана документ керек. Булар паспорт, миграциялык карта, уруксат берүү билдирмеси жана 2 миң рубль көлөмүндөгү мамлекеттик пошлинаны төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция”,- дейт В. Филиппов.

            Мындан тышкары Федералдык миграция кызматынын өкүлү ушул жылдын 1-июлунан тартып эмгек мигранттары үчүн дагы бир жеңилдик киргизилгендигин маалымдады. “Эми мигранттар ишке орношуу үчүн патент алышат. Патенттин жарактуу мөөнөтү – 12 айга узартуу укугу менен бир айдан үч айга чейин берилет”, - деди ал.

            Белгилей кетсек, 1-июлдан тартып күчүнө кирген Россия мыйзамына ылайык, ишкердик менен алектенбеген чет элдик жарандар, алсак, бала багуучулар, чарба жумуштарына жардам бере тургандар, курулуш иштерине тартылгандар патент алууга милдетүү. Патент алыш үчүн чет элдик жаран ай сайын алдын-ала төлөм – миң рубль төлөп турат. Эгерде ал бир жылдан кийин Россиянын аймагында иштөөнү улантууну кааласа, ал патентти кайрадан жасатышы керек. (М. Ибраева)


« Пред.   След. »


ВИДЕО
Get the Flash Player to see this player.
 


Кыргызстан эли эркиндикти тандады:
7-апрелдин 7 соболу

«КАБАРДЫН» долбоору



Алиясбек Алымкулов:

«Хан элдин кулу болгондо - ал элдин багы, хан тактын кулу болгондо - ал элдин шору»- деген кыргыздын терен философиялык маанини камтыган макалды эске алганда Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлиги мындай тагдырга учурамак эмес»


Толугу менен…

Долбоордун башка катышуучулары…
 
2010 Баардык укуктар корголгон
© Кабар
Разработка сайта - Компания Megahard