А. Костюк: Кыргызстан кумшекерди керектөөнүн 15 пайызын гана өзү камсыздоодо
БИШКЕК, 30-июль. (КАБАР). Бүгүнкү күндө Кыргызстан кумшекерди керектөөнүн 15 пайызын гана өзү камсыздоодо. Бул туурасында бүгүн вице-премьер-министр Александр Костюк АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татиана К.Гфэллер менен жолугушууда билдирди.
“Кыргызстан кумшекер өндүрүүдө өзүнүн керектөөсүн камсыз кылуудан тышкары аны экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бирок иш жүзүндө биз өзүбүздүн муктаждыкты да камсыздай албай жатабыз. Бул үчүн кант кызылчасын өстүрүүнү жолго салып, дыйкандарга колдоо көрсөтүү керек. Алсак, дыйкандар техника, анын ичинде кант кызылчасын жыйнай турган техникага жетпей келишет. Кумшекер өндүрүүдө кайра иштетүүчү жабдууларды да алуу керек. Ошондо гана кумшекерди импорттоодон көз карандысыз болобуз”,- дейт вице-премьер-министр.
Мындан тышкары А. Костюк Кыргызстанда жүгөрүнүн түшүмдүүлүгү жогору экендигин белгилеп, АКШдан үрөн үчүн сапаттуу жүгөрү менен камсыз кылууну өтүндү. “Бизге кеминде 30 миң гектар жерге жүгөрү эгүү үчүн сапаттуу үрөн берүүнү өтүнөт элек. Бул жалпы жүгөрү аянтынын 35-40 пайызын түзөт. Кайра иштетүүчү техника менен камсыздоо аркылуу республикада жүгөрүү өндүрүүнү жолго салсак, дыйкандарга зор колдоо болот”, - деди ал.
АКШнын элчиси менен азык-түлүк коопсуздук маселеси талкуулоодо Кыргызстанда ветеринардык-диагностикалык изилдөөлөр үчүн эки лаборотория ачуу зарылчылыгы белгиленди. (М. Ибраева)
«Хан элдин кулу болгондо - ал элдин багы, хан тактын кулу болгондо - ал элдин шору»- деген кыргыздын терен философиялык маанини камтыган макалды эске алганда Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлиги мындай тагдырга учурамак эмес»