А. Костюк: Айыл чарбаны өнүктүрүү үчүн каржылай колдоо зарыл
БИШКЕК, 30-июль. (КАБАР). Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн каржылай колдоо зарыл. Ал үчүн лизинг берүү компанияларын түзүү керек. Бул туурасында бүгүн вице-премьер-министр Александр Костюк АКШнын Кыргызстандагы элчиси Т. К.Гфэллер менен жолугушууда билдирди.
Анын айтуусунда, бул багытта лизинг компанияларына грант тартуу зарылчылыгы турат. “Айыл чарба жамааттарына лизинг берүү боюнча буга чейин бир катар аракеттер көрүлүп, бирок алар натыйжалуу болгон жок. Ушундан улам мындай компанияларды ачууга дыкат мамиле кылуу керек”, - деди А. Костюк. Белгилей кетсек, лизинг – бул ишкердик максатында узак мөөнөткө берилүүчү ижара болуп саналат.
Жолугушууда ЮСАИДдин өкүлү АКШ Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүгө көмөк көрсөтөөрүн, анын ичинде лизинг компанияларын ачуу үчүн ушул жылдын октябрь айынан тартып атайын эксперттер иштей баштаарын билдирди.
Мындан тышкары А. Костюк айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн дыйкандарды сапаттуу үрөн, техникалар менен камсыздоо зарыл экендигин белгиледи. (М. Ибраева)
«Хан элдин кулу болгондо - ал элдин багы, хан тактын кулу болгондо - ал элдин шору»- деген кыргыздын терен философиялык маанини камтыган макалды эске алганда Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлиги мындай тагдырга учурамак эмес»