Кабар - Кыргыз Улуттук Маалымат Агенттиги - Кара-Суу районундагы “Шарк” айыл өкмөтүндө эки кабаттуу үйлөр курулат (фотосу менен)
   
БИШКЕК   17:36   Шейшемби   07 Сентябрь   2010

Бишкек ш. аба ырайы
07.09.2010 г. (күндүз)
32°C, күн ачык болот, жаан жаабайт

08.09.2010 г. (кечинде)
24°C, күн ачык болот, жаан жаабайт

08.09.2010 г. (түнксүн)
22°C, күн ачык болот, жаан жаабайт

08.09.2010 г. (эртең менен)
33°C, күн ачык болот, жаан жаабайт
Источник: gismeteo.ru

КУРС ВАЛЮТ НБКР
USD46.8644+0.03%
EUR60.1187+1.25%
RUB1.5265+0.31%
KZT0.3181+0.19%
Мамлекет жана саясат | Кадр саясаты | Коом | Экономика | Билим жана илим | Маданият | Иш жаңылыктары | Аймак жаңылыктары | Медицина | Спорт


 <<   Сентябрь 2010   >>
ДШШБЖИЖ
      1     2     3     4     5
     6     7     8     9   10   11   12
   13   14   15   16   17   18   19
   20   21   22   23   24   25   26
   27   28   29   30 

SVTechie High Level Synthesis


 


30/07/2010 13:07

Кара-Суу районундагы “Шарк” айыл өкмөтүндө эки кабаттуу үйлөр курулат (фотосу менен)


Ош 30-июль (КАБАР) Ош облусунда иш сапар менен жүргөн Мамлекет башчысы Роза Отунбаева Кара-Суу районуна караштуу “Шарк” айыл өкмөтүндөгү Таштак айылынын жашоочулары менен жолугушту. Президент айрым өрттөнгөн үйлөрдү көрүп чыкты. Жолугушуу учурунда тополоңдо жабыр тарткан айылдыктар Кыргызстандын Президентине жана Убактылуу өкмөткө көңүл буруп жаткандыгына ыраазычылык билдиришип, мындан ары да алардын жүргүзүп жаткан аракеттерин колдой тургандыктарын бир ооздон айтышты. Алар референдум убагында да бийликти колдоого алышкан. Жолугушуу учурунда ишкерлерге да жардам болобу деген суроо берилди. Мамлекет башчысы сөзсүз түрдө аларга да колдоо көрсөтүлө тургандыгын айтты. Жакында эле аларды колдоо боюнча УӨ атайын декреттери да жарыкка чыккан.

Ушул эле жерде КР вице-премьер-министри, Ош жана Жалал-Абад облустарында калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү мамлекеттик дирекциясынын башкы директору Жантөрө Сатыбалдиев Таштак айылынын үйү өрттөнгөн жашоочулары үчүн салына турган үйлөрдүн кагазга түшүрүлгөн долбоору менен жеринде тааныштырды. Анын маалыматына караганда эки кабаттуу, бардык шарттары бар беш квартиралуу үйлөр салынып, суук төшкөнчө пайдаланууга берилмекчи. Азырынча 40 үй тургузуу пландалууда. Дирекциянын мындай аракеттерине ыраазы болушкан айылдыктар алардын запкы көргөн калк үчүн жасап жаткан иштерине ийгилик каалашты.

Түштөн кийин Роза Отунбаева Ош шаарында дайынсыз жоголгондордун тууган-туушкандары менен жолугушмакчы. (Канатбек Абдрахман уулу, фотосу автордуку)



























« Пред.   След. »


ВИДЕО
Get the Flash Player to see this player.
 


Кыргызстан эли эркиндикти тандады:
7-апрелдин 7 соболу

«КАБАРДЫН» долбоору



Алиясбек Алымкулов:

«Хан элдин кулу болгондо - ал элдин багы, хан тактын кулу болгондо - ал элдин шору»- деген кыргыздын терен философиялык маанини камтыган макалды эске алганда Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлиги мындай тагдырга учурамак эмес»


Толугу менен…

Долбоордун башка катышуучулары…
 
2010 Баардык укуктар корголгон
© Кабар
Разработка сайта - Компания Megahard