А. Костюк: Быйылкы жылы Кыргызстанда эгиндин түшүмдүүлүгү 25 пайызга төмөн болоору күтүлүүдө
БИШКЕК, 30-июль. (КАБАР). “Кыргызстандын түштүгүндөгү каргашалуу окуялар өлкөнүн айыл чарбасына кедергисин тийгизди”, - деди вице-премьер-министр Александр Костюк АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татиана К.Гфэллер менен жолугушууда.
Анын айтуусунда, республикада азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо багытында АКШ 10 миллион доллар берет. “Быйылкы жылы өлкөдө болгон окуялар, аба-ырайынын кесепетинен улам эгиндин түшүмдүүлүгү былтыркы жылга салыштырмалуу 25 пайызга төмөн болоору күтүлүүдө. Быйылкы жылы дан жыйноонун көлөмү да аз болууда. Алсак, түштүктө былтыркы жалга караганда 80 миң тонна, ал эми бүтүндөй өлкө боюнча 150-170 миң тонна дан аз жыйналышы мүмкүн”, - деди А. Костюк.
Вице-премьер-министр айыл чарбасындагы оорчулуктардан улам АКШ өкмөтүнөн кошумча жардам көрсөтүүнү өтүндү. Анын ичинде Мамматрезерв үчүн 50 миң тонна азык-түлүк данын берүү өтүнүчү айтылды. Мындан тышкары агроөнөр жайды туруктуу өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдүү түзүүгө, сапаттуу үрөн, техника менен камсыздоо, лизинг берүү компанияларын ачууга көмөктөшүү каралган.
Өз кезегинде АКШ элчиси Татиана К. Гфэллер Кыргызстандын бул өтүнүчүн Вашингтонго билдирээрин, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча ЮСАИДдин “Тынчтык үчүн азык-түлүк” программасынын алкагында көмөк көрсөтүлөөрүн белгиледи. (М. Ибраева)