Кабар - Кыргыз Улуттук Маалымат Агенттиги - Ош шаарында КР Президенти Роза Отунбаеванын жаштар менен жолугшуусу аяктады
   
БИШКЕК   21:04   Бейшемби   09 Сентябрь   2010

Бишкек ш. аба ырайы
09.09.2010 г. (күндүз)
33°C, күн ачык болот, жаан жаабайт

10.09.2010 г. (кечинде)
24°C, күн ачык болот, жаан жаабайт

10.09.2010 г. (түнксүн)
22°C, күн ачык болот, жаан жаабайт

10.09.2010 г. (эртең менен)
34°C, күн ачык болот, жаан жаабайт
Источник: gismeteo.ru

КУРС ВАЛЮТ НБКР
USD46.8600+0.00%
EUR60.1187+1.25%
RUB1.5265+0.31%
KZT0.3181+0.19%
Мамлекет жана саясат | Кадр саясаты | Коом | Экономика | Билим жана илим | Маданият | Иш жаңылыктары | Аймак жаңылыктары | Медицина | Спорт


 <<   Сентябрь 2010   >>
ДШШБЖИЖ
      1     2     3     4     5
     6     7     8     9   10   11   12
   13   14   15   16   17   18   19
   20   21   22   23   24   25   26
   27   28   29   30 

Blog Technology


 


30/07/2010 11:42

Ош шаарында КР Президенти Роза Отунбаеванын жаштар менен жолугшуусу аяктады


Ош 30-июль (КАБАР)  Бүгүн түштүк аймагында иш сапары менен жүргөн КР Президенти Роза Отунбаева  облустук мамлекттик администрациясында жаштар лидерлери  жана облустун  активинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда Президент Роза Отунбаева жаштарды коопсуздандырган  Европа Коопсуздук жана Кызматташуу Уюмунун (ЕККУ) полициясынын  Ош шаарына киргизилиши жөнүндө бийликтин пикирин билдирди.

 Президенттин сөзүнө караганда бул полиция кызматы куралы жок келип, биздин ички иштер кызматкерлерине кеңеш берүү менен гана чектелет. Эгерде биз каалабасак бир канча убакыттан кийин аларды чыгарып жиберүүгө укугубуз бар. Биздин максатыбыз тымызын болуп жаткан чыр-чатакты токтотуу. Эгерде абал жакшырбаса ал партизандык согушка айланып кетээри да бышык-деди Президент жаштарга кайрылып. Ош облусунан чыгып кетип жаткандардын саны өсүүдө. Алар чет жактарга барып, атайын топ уюштурушуп, кайра бизге каршы чагымчылык кылышы мүмкүн,деген сөздөр айтылууда. Биз өз өлкөбөздө тартипти орнотуубуз керек. Мамлекеттин ээсибиз, деп тегеректегилерге бейчеки мамиле кылбашыбыз керек-деди мамлекет башчы.

Жолугушууга катышкан жаштар  ЕККУнун полициясын киргизүү боюнча өздөрүнүн ой-пикирлери билдирип, КР Президентине сунуш кылышкан атайын кайрылууну Р.Отунбаевага тапшырышты.

Буга чейин жаштар лидерлери чет элдик полицияга каршы чыгышып, мамлекет башчысы менен жолугушуу уюштурууну облус бийлигинен суранышкан.

Жыйынга Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу С.Жээнбеков, КР ички иштер министри К. Байболов, Ош облусунун коменданты Б. Алымбеков жана башка жетекчилер катышты.

Азыр мамлекет башчысы Кара-Суу районуна караштуу Ош шаарынын чекесиндеги Фуркат кичи районунун жашоочулары менен жолугушууда. (Канатбек Абдрахман уулу)


« Пред.   След. »


ВИДЕО
Get the Flash Player to see this player.
 


Кыргызстан эли эркиндикти тандады:
7-апрелдин 7 соболу

«КАБАРДЫН» долбоору



Гүлниза Бейшенбаева:

«Өлкөдө сөз эркиндиги муунтулуп, ачык айтып чыккан журналист болобу, саясатчы болобу куугунтукталып, камалып, сабалып, бейкүнөө соттолуп жатты»


Толугу менен…

Долбоордун башка катышуучулары…
 
2010 Баардык укуктар корголгон
© Кабар
Разработка сайта - Компания Megahard