Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн
2010 – жылдын 28 – июлдагы №113
Декрети
Болтурбоого болбогон күчтүн жагдайларынын натыйжасында зыян келтирилген ишкердиктин субъекттеринин кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, айыптык санкциялар боюнча карыздарын кайра түзүмдөштүрүү жана кайтарымсыз карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө
Болтурбоого болбогон окуялардын жүрүшүндө чыгым тарткан салык төлөөчүлөрдүн каржы-экономикалык абалына колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алды:
1. Ушул Декрет 2010-жылдын апрелиндеги окуялардын натыйжасында зыян келтирилген салык төлөөчүлөрдүн салыктарды, бажы төлөмдөрүн жана милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөбөгөндүк үчүн кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, айып санкциялары боюнча карыздарын кайра түзүмдөштүрүү жүргүзүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. 2010-жылдын апрелиндеги окуялар салык, бажы максаттарында жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаттарында болтурбоого болбогон күчтүн жагдайларынын аныктамасына туш келген өзгөчө жагдайларга тиешелүү болоору белгиленсин.
3. Ушул Декретте төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
салык төлөөчү - алардын уюштуруучлук-укуктук түрүнө, ишинин түрүнө, баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө жана/же болтурбоого болбогон күчтүн жагдайларынын аракетинин натыйжасында зыян келтирилген салык салуу объектинин бар экендигине карабастан экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу жеке жак, жеке ишкер, уюм, өзгөчөлөнгөн бөлүкчө, туруктуу мекеме;
пайыздар - Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 76 жана
79-беренелери менен Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин
248-беренесине ылайык бажы төлөмдөрүн, салыктарды жана жыйымдарды белгиленген мөөнөттө өз убагынан төлөбөгөндүк үчүн кошуп эсептелген суммалар;
туум – салыктарды, бажы төлөмдөрүн, жыйымдар менен милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөгөндүк үчүн кошуп эсептелген, аларды салык төлөөчү “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 71-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 260-беренесине ылайык төлөөгө милдеттүү болгон акчалай суммалар;
айып санкциялары - Кыргыз Республикасынын Салык жана Бажы кодекстери менен мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдардын ченемдерин бузгандык үчүн кошуп эсептелген суммалар;
карыз – белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн салыктар, бажы төлөмдөрү жана милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрү менен алар боюнча кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана айып санкциялар;
өндүрүмсүз карыз – юридикалык жана жеке жактардын салыктар, бажы төлөмдөрү жана милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы, аны алуу Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтому менен түзүлүүчү жабыр тарткандарды социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын сунуштамасынын негизинде аныкталуучу жана болтурбоого болбогон жагдайлардын натыйжасында карызкордун төлөөгө жөндөмсүздүгүнүн себеби боюнча Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн өзүнчө Декретине ылайык эсептен чыгарылуучу экономикалык, социалдык жана юридикалык мүнөздөгү себептердин айынан мүмкүн эмес (өндүрүмсүз) деп табылат;
карызды кайра түзүмдөштүрүү – салык төлөөчүлөрдүн салыктык, бажы төлөмдөрү жана милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызын тындыруунун шарттарын өзгөртүү, аны тындыруунун мөөнөтү жарым-жартылай же толук эсептен чыгаруу усулу менен тындырууга карата аларга кыйла жагымдуу шарттарды берүү жолу менен келип чыгат;
жабыр тарткандардын тизмеги (тизмеси) – салык төлөөчүлөрдүн 2010-жылдын апрель окуяларынын натыйжасында келтирилген экономикалык зыянды аныктоо боюнча комиссия тарабынан белгиленүүчү жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн чечими менен бекитилүүчү атайын тизмеги.
4. 2010-жылдын 1-апрелине абал боюнча белгиленген салыктарынын, милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жана бажы төлөмдөрүнүн, ошондой эле утурумдук салык, бажы жана социалдык төлөмдөрүнүн негизги суммалары боюнча карызды тындырган салык төлөөчүгө пайыздар, туумдар жана айып санкциялары төмөнкү тартипте эсептен чыгарылат:
а) 2010-жылдын 31-декабрына чейин – 100 пайызга;
б) 2011-жылдын 31-июнуна чейин – 50 пайызга;
в) 2011-жылдын 31-декабрына чейин – 25 пайызга.
5. Утурумдук салыктар менен милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн өз убагында төлөгөн учурда салыктардын, милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жана бажы төлөмдөрүнүн негизги суммалары боюнча карызын тындырган салык төлөөчүгө пайыздардын жана айып санкцияларынын суммасы ушул Декреттин 4-пунктунун а) пунктчасы менен аныкталган тартипте эсептен чыгарылат.
6. Кайра түзүмдөштүрүү жүргүзүлгөндөн кийин салык төлөөчү карыздын калган бөлүгүн төлөөнүн мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 76-беренесинин талаптарына ылайык узартууга укуктуу.
7. Салык төлөөчү ушул Декреттин 4 же 5-пунктктарына ылайык бир жолку эсептен чыгаруу жана 6-пунктуна ылайык төлөө мөөнөтүн бир жолу узартуу укугунан пайдаланылат.
8. Салыктардын жана жыйымдардын негизги суммалары боюнча кайра түзүмдөштүрүүчү карызды тындыруунун датасы эсепти казыначылыктын региондук бөлүмүндө сумманы кошуп эсептеген дата эсептелет.
9. Кайра түзүмдөштүрүүчү карызды тындыруу максатында ашыкча төлөмдүн суммасына КНСтин нөлдүк ставкасы бар жөнөтүүлөрдүн эсебинен пайда болгон ашыкча төлөө киргизилбейт.
10. Болтурбоого болбогон күчтүн жагдайларынын аракетинин натыйжасында зыян келтирилген ишкердиктин субъекттеринин карыздарынын ашыкча төлөөсү төмөнкү тартипте пайдаланылат: адегенде 2010-жылдын 1-апрелине абал боюнча болгон карыздар тындырылып, ал эми көрсөтүлгөн сумма ашык төлөөнүн калганы көрсөтүлгөн суммадан ашып кеткен учурда Кыргыз Республикасынын Салык кодекси менен белгиленген тартипте тындырылат.
11. Өз ишин Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, алар боюнча салык жана бажы жеңилдиктери каралган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын ратификацияланган эл аралык келишимдеринин жоболоруна ылайык жүзөгө ашыруучу субъекттердин карыздары кайра түзүмдөштүрүлүүгө тийиш эмес.
12. Колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболору ушул Декреттин ченемдерине каршы келген учурда ушул Декреттин жоболору колдонулат.
13. Ушул Декрет расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2011-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн
Төрагасы Р. Отунбаева
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
2010 – жылдын 28 – июлдагы №114
Декрети
2010-жылдын апрель-июнунда болгон окуялардын кесепетинен
жабыр тарткан салык төлөөчүлөргө мамлекеттик
колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө
2010-жылдын апрель-июнунда болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан салык төлөөчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында 2010-жылдын апрель-июнунда болгон окуялар салыктык максаттарда жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаттарында ал жеткис күчтүн жагдайлары катары аныкталуучу өзгөчө кырдаалдар деп эсептелсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- ал жеткис күчтүн күчтөрдүн жагдайынын натыйжасында жабыр тарткан салык төлөөчүлөргө берилчү төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтырууну жана/же мөөнөтүн узартуудан башка салыктык карыздын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү банктын кепилдиги менен гана ишке ашырылат;
- жер пайдалануучу ал жеткис күчтүн жагдайынын натыйжасында материалдык зыян тарткан учурларда жергиликтүү кеңештер айыл чарба жерлери, үй жанындагы, бакча, бак-огород жер участоктору жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлер боюнча жер салыгын төлөөдөн толук же жарым-жартылай 3 жылга чейинки мөөнөткө бошотууга укуктуу;
- ал жеткис күчтүн кесепетинен жабыр тарткан салык төлөөчүлөр алган материалдык жардамга киреше салыгы салынбайт;
- табигый кырсыкка, өрткө, өзгөчө кырдаалдарга жана ал жеткис күчтүн жагдайларына туш болуунун натыйжасында ден соолукка келтирилген зыяндын жана материалдык зыяндын ордун толтурууга байланыштуу жеке адамдарга көрсөтүлүүчү материалдык жардамдын суммасы үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелбейт.
3. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары ушул Декретке карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин.
4. Бул Декрет 2010-жылдын 7-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн
Төрагасы Р. Отунбаева
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
2010 – жылдын 28 – июлдагы №115
Декрети
Салык салуу маселелерин жөнгө салуу жөнүндө
Ал жеткис күч жараткан кырдаалдын кесепетинен өлкөнүн экономикасында түзүлгөн жагдайда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин аткарууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Айыл чарба жерлерин сугарууга колдонулуучу, калкты таза суу менен камсыз кылуучу насостук станцияларга электр энергиясын берүү КНСтен бошотулган болуп эсептелээри белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары ушул Декретке карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин.
3. Бул Декрет расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн
Төрагасы Р. Отунбаева
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
2010 – жылдын 28 – июлдагы №116
Декрети
2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен экономикалык зыян келтирилген ишкердик субъекттеринин бажылык жана социалдык төлөмдөрдү төлөөсүн кийинкиге калтыруу жана/же мөөнөтүн узартуу жөнүндө
2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен зыян келтирилген ишкердик субъекттерин колдоо, ошондой эле туруктуу экономикалык өнүктүрүүнүн натыйжалуу саясатын андан ары жүргүзүү, ишкердик субъекттерин өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялар өзгөчө кырдаалдар катары таанылаары белгиленсин, алар бажылык максаттарда жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаттарында болтурбоого болбогон күчтөрдүн жагдайы катары аныкталат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы болтурбоого болбогон күчтөрдүн жагдайынын жүрүшүндө экономикалык зыян келтирилген ишкердик субъекттерине бажылык төлөмдөрдү төлөөнү камсыз кылбастан жана кийинкиге калтырып жана/же мөөнөтүн узартып бергендиги үчүн процент албастан бажылык төлөмдөрдү төлөөнү алты айга чейинки мөөнөткө кийинкиге калтырып жана/же мөөнөтүн узартып берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду болтурбоого болбогон күчтөрдүн жагдайынын жүрүшүндө экономикалык зыян келтирилген ишкердик субъекттерине камсыздандыруучу төгүмдөр жана финансылык санкциялар боюнча карыздардын суммасын төлөөнү банктык кепилдикти, күрөөнү талап кылбастан жана кийинкиге калтырып жана/же мөөнөтүн узартып бергендиги үчүн процент албастан “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган мөөнөткө кийинкиге калтырып жана/же мөөнөтүн узартып берсин.
4. Кийинкиге калтыруу жана/же мөөнөтүн узартуу болтурбоого болбогон күчтүн жагдайынын кесепетинен келтирилген экономикалык зыянды аныктоо боюнча комиссия аныктаган жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү бекиткен тизмеге киргизилген ишкердик субъектине берилиши мүмкүн.
5. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары ушул Декретке карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин.
6. Бул Декрет расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн
Төрагасы Р. Отунбаева
|