Кабар - Кыргыз Улуттук Маалымат Агенттиги - Кыргыз Республикасынын Президентинин Өкмөттүн биринчи жыйналышында сүйлөгөн сөзү
   
БИШКЕК   20:35   Бейшемби   09 Сентябрь   2010

Бишкек ш. аба ырайы
09.09.2010 г. (күндүз)
33°C, күн ачык болот, жаан жаабайт

10.09.2010 г. (кечинде)
24°C, күн ачык болот, жаан жаабайт

10.09.2010 г. (түнксүн)
22°C, күн ачык болот, жаан жаабайт

10.09.2010 г. (эртең менен)
34°C, күн ачык болот, жаан жаабайт
Источник: gismeteo.ru

КУРС ВАЛЮТ НБКР
USD46.8600+0.00%
EUR60.1187+1.25%
RUB1.5265+0.31%
KZT0.3181+0.19%
Мамлекет жана саясат | Кадр саясаты | Коом | Экономика | Билим жана илим | Маданият | Иш жаңылыктары | Аймак жаңылыктары | Медицина | Спорт


 <<   Сентябрь 2010   >>
ДШШБЖИЖ
      1     2     3     4     5
     6     7     8     9   10   11   12
   13   14   15   16   17   18   19
   20   21   22   23   24   25   26
   27   28   29   30 

VLSI Behavioral Synthesis


 


21/07/2010 12:16

Кыргыз Республикасынын Президентинин Өкмөттүн биринчи жыйналышында сүйлөгөн сөзү


БИШКЕК, 20-июль. (“КАБАР”). 2010-жылдын 16-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева Өкмөттүн биринчи жыйналышында сөз сүйлөдү. Өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө Президент өкмөттүн эң жакынкы убакка Программасы менен тааныштырып чыкты, анда өлкөнүн алдында турган артыкчылыктуу милдеттер жана аларды чечүүнүн жолдору таасын белгиленген. Төмөн жакта кайрылуунун текстин толугу менен келтиребиз:

“Өкмөттүн урматтуу мүчөлөрү!

Урматтуу жарандаштар!

Ушул күндөрдө бүткүл өлкө боюнча июндун кайгылуу окуяларында курман болгондорду эскерүү өтүп жатат. Ошол болуп өткөн каралуу күндөр биздин жүрөгүбүздү сыздатты. Болгондорду акыл-эс менен кабыл алуу мүмкүн эмес. Бир өлкөнүн жарандары, кылымдар бою катарлаш жашап келишкен, жүз миңдеген үй-бүлөлөр менен бир тууган болуп калышкан этностордун өкүлдөрү, иш жүзүндө жандаш-кандаш адамдар адамдык жек көрүүчүлүктүн курмандыктары болду, зордук-зомбулукка тартылды. Кырсык улутка карабастан бардыгыбызды басты. Менин жүрөгүм, миллиондогон энелердин жана аталардын жүрөгүндөй эле кайгы-касиреттен жана бизден кеткендерди кайтарып алуу мүмкүн болбой тургандыгын түшүнүүдөн кансырайт. Алардын жаркын элесин башыбызды ийип, унчукпай туруу менен эскерүүгө ыракым этиңиздер.

Өткөндөн, кылмыштуу режимден арылгандыгына эл кымбат баа менен төлөп калды. Ошондой болсо да биз кылмышкерлерге кечирим болбой тургандыгын жана эч качан артка кайтып келүү болбой тургандыгын түшүнөбүз. Адамдарды кагылыштырган кылмышкерлер, этностор аралык кагылышууларга күнөөлүүлөр сот адилеттиги менен гана эмес, жогорку жаза менен да сөзсүз жазаланышат.

Өтүп кеткендерге кайгыруу менен, биз мындан ары жашоо керектигин, өзүбүздүн жан дүйнөбүздү өч алуунун жана башка адамдарга жек көрүүчүлүктүн зыяндуу сезиминен сактап калуу, мындайлар мындан ары кайталанбасы үчүн бардыгын жасоо керек экендигин түшүнөбүз. Бүгүн, али жүрөк толук кансырап турган кезде, себептерге ой жүгүртүү эрте жана кыйын. Бирок биз бул эмнеликтен мүмкүн болгондугуна эң терең талдоо жасоого жана мындан ары эч качан кыргыз жергесинде мекендештердин каны төгүлбөсү үчүн эмнелерди жасоонуу түшүнүүгө тийишпиз.

Мен биздин бардык жарандарыбызга, кыргыздар менен өзбектерге, өзгөчө өзүлөрүнүн жакындарын, туугандарын, досторун жоготкондорго сабырдуулук, даанышмандык жана айкөлдүк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылгым келет. Бул жоготуулар канчалык кыйын болбосун, канчалык ачуу болбосун, алар жаңы акылсыздыктардын, жаңы курмандыктардын себеби болушу мүмкүн эмес. Биздин ата-бабаларыбыз акылман болушкан жана өч алуу идеясын эч качан колдошкон эмес. Дал элдин укмуштуудай сабырдуулугу жана акылмандыгы, айкөлдүгү бизге көп кылымдар бою өзүбүздү коргоп жана сактап калууга жардам берип келген. Бизге мындан ары да бирге жашоо керек. Бизге жаңы өлкөнү куруу керек.

Жаңы өкмөт ишке киришип жатат. Ал өлкөнүн президенти жана премьер-министри катары мен тараптан жарандарыбыздын басымдуу көпчүлүгү тарабынан референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык дайындалды.

Бул Конституция колдонууга киргизилди жана ошонун өзү менен 7-апрелдеги окуялардан кийин өлкөдө бийлик жүргүзүп келаткан Убактылуу Өкмөт өзүнүн убадаларынын эң маанилүүсүн аткарды: өлкөдө бизге өткөндүн жаңылыштыктарын кайталоодон, авторитаризмден жана үй-бүлөлүк башкаруудан кепилдик бере турган саясий түзүлүштү орнотууну камсыз кылды.

Биз, апрелде өлкөнүн тагдыры үчүн өзүбүзгө жоопкерчилик алышкан адамдар, башка убаданы да аткарууга: Жогорку Кеңештин таза шайлоосун өткөрүүгө бекем ниеттенебиз. Бул Убактылуу Өкмөттүн бардык мүчөлөрү кабыл алган милдеттенме болгон. Бүгүн алар, убада кылышкандай, өкмөттүк кызматтарын бошотуп беришти жана алар ошондой эле таза шайлоого карата милдеттенмелерин аткарыша тургандыгына үмүттөнөмүн.

Өлкөнүн Конституциясына ылайык Шайлоо жөнүндө кодексте каралган мөөнөттө мен тарабынан шайлоо жарыяланат жана анын күнү белгиленет.

Бул иште мага жана жаңы өкмөткө өзгөчө милдет жана өзгөчө жоопкерчилик жүктөлдү. Балким, көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу биз администрациялык ресурсту пайдалануусуз бүткүл элдик шайлоо өткөрүүгө жана элдин макулдугун эркин билдириши үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө тийишпиз.

Эң оболу бул ушул Өкмөттүн мүчөлөрүнүн, аппараттардын кызматкерлеринин эч кимиси шайлоодо кандайдыр-бир партия менен байланышууга же иштешүүгө тийиш эмес экендигин билдирет. Сиздер мен өзүм социал-демократиялык партиянын курамынан чыккандыгымды билесиздер. Ошондуктан өкмөттүн партияларда турушкан, шайлоого катышкан мүчөлөрү бул партиялардагы мүчөлүктөн чыгуулары же өзүнүн мүчөлүгүн токтото туруулары тийиш деп эсептеймин. Бул аппараттардын кызматкерлерине да тиешелүү. Эгерде алардын кимдир-бирөөнүн тигил же бул партиянын кызыкчылыктарында иштегендиги аныкталса, биз мындай адамдардан токтоосуз арылабыз. Биздин өткөөл өкмөтүбүз, анын аппараты шайлоо өнөктүгүнөн таптакыр алыс болуулары тийиш.

Бул шайлоонун мезгилинде дал эле ушунун өзүн мен губернаторлордон, акимдерден, шаарлардын мэрлеринен, алардын аппараттарынан талап кыламын. Мамкызматчыларды, бюджеттегилерди: мугалимдерди, врачтарды, социалдык жактан камсыз кылуу кызматкерлерин жана ушулар сыяктууларды партиялык жалдоо практикасын, аларды келүүлөрдү камсыз кылуу жана ал түгүл жетекчилердин саясий калыссыздыгы үчүн добуш берүү үчүн мобилизациялоону карманча токтотуу керек.

Шайлоого тигил же башка саясий партиялар менен барышкан Убактылуу Өкмөттүн бардык мүчөлөрү, мамаппараттардын кызматкерлери өзүнүн ишин камсыз кылуу үчүн эч кандай мамлекеттик ресурстарды пайдаланышпайт, мен мамлекеттик офистерди, транспортту, байланышты жана ушу сыяктууларды көңүлгө алып жатамын.

Өкмөт шайлоону мыйзамга өтө ылайыктуу өткөрүү үчүн бардык зарыл шарттарды камсыз кылып берүүгө Борбордук шайлоо комиссиясына жардамдашууга тийиш.

Мен шайлоого чейин эле ага катышууга ниеттенишкен саясий партиялар менен кеңири диалог өткөрүүгө ниеттенемин жана биз ошол убакта жүрүм-турум кодекси жөнүндө макулдашууга аракет кылабыз. Шайлоо татаал кырдаалда өтөт, өлкөнүн айрым райондорунда али туруктуулук жок, көп жарандар коопсуздук, кышка даярдануу маселелерине тынчсызданышууда, көбүнүн азырынча жашай турган жайы жок. Шайлоого катышкандар муну жакшы түшүнүүлөрү жана алардын шайлоо алдындагы күрөш менен байланышкан мүмкүн болуучу бузуп-жаруулар үчүн өзүлөрүнүн жоопкерчилигин баамдоолору тийиш. Биз кимдир-бирөөлөрдүн саясий кызыкчылыктары үчүн өлкөдөгү кырдаалдын начарлашына жол берүүгө тийиш эмеспиз жана жол бербейбиз жана ал түгүл кандайдыр-бир социалдык жаңжалдарга жол бербейбиз. Бул бардык партияларга, Убактылуу Өкмөткө катышкандарга да, бардык башкаларына да тиешелүү. Эл, өлкө эч кандай саясий намыскөйлүктүн же шайлоо алдындагы технологиялардын барымтасы болушу мүмкүн эмес.

Коомдо Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн Жогорку Кеңешке шайлоого чейин өлкөнү башкарууга катышуусу жөнүндөгү маселе кеңири талкууланууда. Саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын көпчүлүгү, көп жарандар шайлоого даярдануунун жана өткөрүүнүн убагында бардык саясий күчтөр үчүн бирдей укуктар жана мүмкүнчүлүктөр камсыз болушун талап кылышууда. Бул аларды жактоочулугун Убактылуу Өкмөт билдирген демократиялык канондорго жооп берет. Биз мамлекеттик органдар тараптан шайлоонун натыйжаларына таасир тийгизүүнүн ар кандай мүмкүнчүлүктөрүнөн алыс болууга тийишпиз.

Убактылуу Өкмөттүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Декреттин 4-пунктуна негизденүү менен Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу ыйгарым укуктарын жана кызматтарын Жогорку Кеңештин жаңы курамы шайланганга чейин Убактылуу Өкмөт турмушка ашырат. Бул кечиктирүүгө болбой турган маселелер: өзгөчө абал киргизүү, эл аралык келишимдерди ратификациялоо, мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана башкалар.

Биз Убактылуу Өкмөт конституциялык реформаны камсыз кылуу, референдумда кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык бийликтин жаңы органдарын түзүү боюнча эл алдында тарыхый миссияны өзүбүзгө алгандыгыбызды унутууга тийиш эмеспиз.

Конституцияда каралган мамлекеттик органдарды, биринчи кезекте – Жогорку Кеңешти биротоло түзгөнгө чейин Убактылуу Өкмөттүн курамы мурдагы бийликтин реваншына жол бербөөнүн гаранты болуп эсептелет.

Эми өкмөттүн эң жакынкы милдеттери жөнүндө.

27-июлда ушул каатчылык мезгилде өлкөнүн бюджетине колдоо көрсөтүү боюнча бардык көрүнүктүү эл аралык финансы уюмдарынын катышуусу менен донордук конференция боло тургандыгынан баштайын. Жаңжалдын түштүк зоналарын реабилитациялоону кошкондо, биздин каатчылык экономикабызга жардамдашуу максатында Казакстан Республикасынын Президенти Н.А. Назарбаевдин тапшыруусу боюнча келген көп тармактуу жумушчу тобу өз ишин жаңыдан эле аяктады. Биздин досторубуздун, союздаштарыбыздын, дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн ачык жана так эл аралык жардамы өлкөнү нормалдаштыруу, экономиканы, дегеле жалпысынан бүткүл коомду түзүлгөн каатчылык абалдан алып чыгуу боюнча биздин күч-аракеттерибиздин жана программаларыбыздын олуттуу түзүүчүсү болуп эсептеле тургандыгын ачык айтышыбыз керек.

Алардын биринчиси – соңку айлардагы окуялардын кесепетинен жапа чегишкен региондордогу реабилитациялоо. Мен 7-апрелде курман болгондордун үй-бүлөлөрү жана жапа чеккендер менен иштөө жана түштүктөгү айрым региондордо майдагы жана июндагы окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлөлөрү жана жапа чеккендер менен иштөө туурасында айтып жатамын. Сөз ошондой эле үй-жайынан ажырагандарды суук түшкөнгө чейин турак-жай менен камсыз кылуу жөнүндө жүрүп жатат. Албетте, Бишкекте жана Таласта, өзгөчө Ош жана Жалал-Абал облустарынын шаарларында жана калк конуштарында кыйрагандарды калыбына келтирүү жөнүндө жүрүп жатат. Биз бул маселелерди чечүү менен байланышкан бир катар чараларды көрдүк. Алардын ичинде гуманитардык жардамды айтпаганда да, түз акчалай компенсациялар, ар түрдүү салыктардан бошотуулар бар. Өкмөт бул ишти улантышы зарыл.

Үй-жайынан ажырагандар үчүн турак-жай маселесин чечүү өзгөчө көңүл бурууну жана биринчи кезекте камкордук көрүүнү талап кылат. Анын үстүнө июнда үй-жайсыз калгандарды, өлкөнүн бир катар райондорунда табияттын бөөдө кырсыктарынан жапа чеккендердин мамлекетке эски карыздарын көңүлгө алуу керек.

Биз Ош шаарын калыбына келтирүүгө таптакыр башка деңгээлде мамиле жасоого чечим кабыл алдык. Бул реконструкциялоонун башкы планынын негизинде жасалмакчы. Мында биз келечектеги курулуштун зонасында жашагандардын жана жашай тургандардын кызыкчылыктарын азыраак козгоого аракеттенүүгө тийишпиз. Алардын бардыгы турак-жайды көчүрүү зарылчылыгынын учурунда кыймылсыз мүлк үчүн компенсация гана эмес, ошондой эле мамлекеттин муктаждыктарына кете тургандардын ордуна жаңы, өтө ыңгайлуу жер участокторун алышат деп ойлоймун. Биз жарандарыбыздан буга түшүнүү менен мамиле жасашын суранабыз. Мындай практика өткөндө да болгон. Биз “Токтогулканы” курган кезде бүтүндөй кыштактарга көчүргөнбүз, Бишкекте да борбор түзүлгөн кезде бүтүндөй турак-жай кварталдарына көчүргөнбүз. Биз жекече үйлөрдө жашоону каалагандар – мындай мүмкүнчүлүккө ээ болуша тургандыгына, жаңы турак-жай алууну каалагандар – квартира алыша тургандыгына тандоо менен мамиле жасайбыз.

Азыр өкмөт жапа чеккен калк конуштарын, кыйратылган об”ектилерди баалоону жана паспорттоштурууну тезирээк аякташы зарыл. Кайгылуу окуялардын масштабдары жана кесепеттери кандай экендигин бардыгына ачык айтышыбыз керек деп ойлоймун.

Инсанды күбөлөндүрүүчү документтерди, менчик, каттоо укуктарын жана башка документтерди ыкчамдык менен калыбына келтирүүдө жапа чеккен калкка көмөк көрсөтүү боюнча атайын топторду түзүү керек.

Биз медицина кызматкерлеринин жана мугалимдердин кадрлары менен олуттуу иштешибиз керек. Алардын көбү кетип калышты, ошондуктан медицина мекемелеринин жана өзгөчө мектептердин иши коркунучта турат. Туташ баш аламандыктардан кыйла жапа чеккен зоналарга туруктуу ишке барууну чечишкен мугалимдер жана врачтар үчүн стимулдаштыруунун өзгөчө шарттарын киргизүү керек экендиги мүмкүн. Биз бул ишти баштап койдук жана жапа чеккен райондордун балдарынын жайкы эс алышын уюштурууну улантуу керек.

Жапа чеккен калк конуштарында ишке орноштурууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү калкты жана студенттик отряддарды тартуу менен коомдук ишти көтөрүп чыгуу керек. Бул коомдук иштер үчүн каржылоо ресурстарын табуу кыйын эмес деп ойлоймун. Мүмкүн, турак-жайларды, инфраструктуранын жана социалдык-маданий турмуштун об”ектилерин курууда жапа чеккен райондорго жардам көрсөтүшө турган уюмдар жана ишканалар үчүн жеңилдиктер жөнүндөгү маселени карап чыгуу керек.

Курулуш материалдарын берише турган же курулуш жүргүзүшө турган компанияларды тартууда артыкчылык ата мекендик жана ал түгүл түштүктүк ишкерлерге берилиши өтө маанилүү.

Өкмөткө, калыбына келтирүү маселелери менен алакеттенишкендерге калк конуштарын калыбына келтирүүгө жана реконструкциялоого мамлекет тарабынан жумшала турган каражаттардын жана ресурстардын чыгымдалышына эң катуу контролдуктун зарылдыгы жөнүндө өзгөчө эскерте кетүүнү каалаймын. Бир да сом пайдасыз сарпталууга, же, кудай анын жүзүн ары кылсын, уурдалууга тийиш эмес. Бул юридикалык эмес, адеп-ахлактуулуктун маселеси.

Мен бардык ушул милдеттерди чечүү үчүн ресурстар бизде жетиштүү экендигин айтып коюуга тийишмин. Анын үстүнө бизге бул маселеде башка өлкөлөр, эл аралык уюмдар чоң жардам көрсөтүшүүдө жана көрсөтүүгө даяр. Бул иштин натыйжасында биз бузулгандарды калыбына келтирүү гана эмес, жаңы түштүк борборду куруп чыга тургандыгыбызга, аны азыркы замандын мегаполисине айландыра тургандыгыбызга ишенемин. Бул бүткүл түштүктүн өнүгүшүнө зор таасирин тийгизет. Жаңы Ош өлкөнүн түштүгүн өнүктүрүүдө кубаттуу секириктин локомотиви, биз азыр даярдай баштаган түштүктү өнүктүрүүнүн эбегейсиз зор программасынын борбордук пункттарынын бири болмокчу.

Өкмөттөн муну өзүнүн ишиндеги эң маанилүү артыкчылык деп эсептөөнү суранамын.

Кыргыз Республикасынын Президентине карашгтуу Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча Коопсуздук кеңешинин катчысы А. Орозов башчылык кылган ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө Жарлык даярдалып жатат. Бизге азыр бул региондорду жаңжалдан кийин жөнгө салууга комплекстүү мамиле жасоо, болуп өткөндөрдүн бардык кесепеттери менен иш жүргүзүү зарыл.

Мен июнь окуяларынын кырдаалдарын жана себептерин иликтеп чыгуу боюнча Мамлекеттик комиссия түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койдум.

Бардык улуттардын адамдары, таламдаш министрликтердин, ведомстволордун өкүлдөрү, окумуштуу-изилдөөчүлөр камтылган комиссиянын курамы аныкталды. Комиссияга академик А. Эркебаев башчылык кылат. Иш жүзүндө түштүктөгү кандуу окуялардын биринчи күнүнөн тартып кылмыштарды иликтөө боюнча башкы прокуратура башкарган ведомстволор аралык комиссия иштеп келатат. Кара санатайлыктар жана адамдын укуктарын бузуулар күн сайын бейөкмөт уюмдар, укук коргоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан көп эле катталууда.

Бүгүн кайгылуу окуялардын айланасындагы пикирлердин күрөшү, маалымат согушу ашкере курчуду. Мында көп чет өлкөлүк ЖМКлар ачык эле бир жактуу позицияны ээлешүүдө. Буга жооп иретинде кыргыз ЖМКларында да окуяларды бир тараптуу чагылдыруу жүрүп жатат. Пикирлердин бул жайгашуусу эрктүү да, эрксиз да жаңы оорчулукту түзүп, жаңжалдар үчүн жаңы себептерди берүүдө. Каршылашуу турмуш-тиричилик чөйрөсүндө, жергиликтүү мамлекеттик органдардын ишинде тамыр жайып бараткандыгы өзгөчө тынчсыздандырат.

Биз чындыкка көз жуумп коюуну каалабайбыз жана кылмыштардын издерин жаап-жашырып коюуну каалабайбыз. Адамдар курман болду, муну эч качан жана эч нерсе менен жашыра албайсың. Бирок башкысы, мамкомиссия жүргүзүп жаткан иликтөө эмне үчүн керек, айыптууларды көрсөтүү эмес, бирин-бири күнөөлөө эмес, келечекте бул сыяктууларга жол бербөө үчүн керек.

Көбү ошондой эле азыр бул жаңжалдын кесепеттерин тезирээк жана натыйжалуураак жоюуга гана эмес, ошондой эле мындайдын кайталанбасы үчүн шарт камсыз кылууга жардам берет деп эсептөө менен, биздин өлкөбүздүн борборун түштүккө көчүрүү жөнүндөгү маселени көтөрүп чыгышууда. Чындыгында, болуп өткөндөрдүн негизинде өлкөнүн түштүгүн өнүктүрүүдөгү олуттуу проблемалар жана диспропорциялдар бар. Түштүккө муну түштүктүк-президент жасагандан кыйла көбүрөөк көңүл бурулууга тийиш экендиги да чындык. Бирок борборду көчүрүү жөнүндөгү маселе олуттуу иштеп чыгууларды, ал Конституцияны өзгөртүүнү талап кыла тургандыгын айтпаганда да, ресурстарга баа берүүнү талап кылат.

Андан тышкары, биз борборду көчүрүү жөнүндөгү маселени өлкөнүн жаңы администрациялык-аймактык бөлүнүшү, аны натыйжалуу чарбалык райондоштуруу жана мамбашкаруу системасын оптималдаштыруу жөнүндөгү маселе менен жалпы пакетте чечүүгө тийишпиз.

Бул олуттуу маселелер, аларды, албетте, Жогорку Кеңешсиз чечүүгө болбойт. Мен биздин өкмөтүбүз жумушчу тобун түзүп, изилдөөнү гана баштай алат деп эсептеймин, ал бул маселени комплексинде талдап чыгат жана сунуштарды даярдайт.

Экинчи кечиктирилгис милдет – күзгү-кышкы мезгилге даярдануу. Мен бардыгыңыздардан бир аптанын ичинде кышка даярдануу иши кандай экендигин текшерип чыгууну жана өкмөттүн жыйналышына өзүнчө киргизүүнү суранамын. Бардыгын кылдат текшерип жана талкуулап чыгалы. Айылда оруу-жыюу маалы жана күздүк себүү иши кандай камсыз кылынган? Күйүүчү-майлоочу материалдар, үрөндөр, жер семирткичтер жана ушу сыяктуулар жетиштүү барбы? Бизди шаарлардын жана райондордун финансысы, бюджеттери жагынан эмнелер күтүп тургандыгын, энергетика об”ектилеринин абалы кандай экендигин, алар кышка туруштук бере ала тургандыгын, жылуулук менен жабдуу об”ектилери, мектептер, ооруканалар боюнча оңдоо иштери кандайча жүрүп жаткандыгын, жылуулук станциялары жана буу казандары үчүн, калк үчүн көмүр даярдоо абалы кандай экендигин текшерип чыгышыбыз керекпи? Жөн эле ушул маселелердин бардыгы боюнча ар бир регион боюнча, ар бир калк конушу боюнча жыйынтык маалыматын жасагыла, карап чыгалы.

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун абалына баа берүүнү жүргүзүү, зарыл учурда, мамлекеттик бюджеттин алкагында же башка булактардын эсебинен сатып алуу боюнча алдын ала чараларды көрүү керек.

Өкмөттүн үчүнчү түйүндүү жана кечиктирилгис милдети - өлкөнүн экономикасынын өсүшүн калыбына келтирүү жана ишке киргизүү. Бул жерде бизге жөн эле тезинен жана чечкиндүү чаралар керек, муну менен Жогорку Кеңеш түзө турган өкмөт алакеттене тургандыгын күтүп отурууга болбойт. Бакиевдик үй-бүлө экономиканы “тилемчиликке” чейин жеткирди. Алар бардык жерде ширени соруп алышып, ишкерлерди басып салышты, чыдабай турган бизнес-чөйрөнү түзүштү. Уланып келаткан каатчылыктан жана соңку айлардагы окуянын экономикага тийгизген терс таасиринен улам, ушунун бардыгы өтө көйгөйлүү көрүнүштү түзөт. Ишке билекти түрүп коюп, шымалана киришүү керек.

Мен, эң оболу, туташ текшерүү токтотулушун талап кыламын, ал ишкерлерге карата биздин укук коргоо органдарыбызды камтып алды. Бакиевчилерди, кылмышкерлерди кармоо керек болгон жерде – алардын колунан эч нерсе келбей жатат, ал эми бизнес болгон жерде – алардын ийгиликтери арбын.

Зомбулукту токтотуу үчүн биз чечим кабыл алдык жана финансы полициясын ал азыр иштеп жаткан түрүндө жоюуга барууга аргасыз болдук. Мен улуттук коопсуздук кызматынын, прокуратуранын, милициянын, соттордун жетекчилерине эскертип койгум келет. Бул структуралардын кызматкерлери баш аламандыктан пайдаланып, кырдаалды өзүнүн туйтунушу үчүн пайдаланып жатышкандыгы жөнүндө кабарлар өтө көп. Анын үстүнө бул, өзгөчө түштүктө, криминал башын көтөрүп, менчикти кайра бөлүштүрүп, аз эле жерден мамлекеттик финансылык агымдарды контролдоону тартып алып жаткан кезде болуп отурат. Мен бизге тартипти тезинен жолго салуу жана муну мамлекеттик да, бандиттик да рэкет катары токтотуу керек деп ойлоймун.

Эгерде азыр бизнес бизге ишенбесе, тынч иштөөгө мүмкүнчүлүк албаса, эртең казынада бир тыйын да болбойт. Алдын ала талдоо боюнча, эгерде экономика азыркыдай иштей берсе, күзүндө эле бюджеттик чыгымдарды эч нерсе менен төлөй албайбыз.

Биз бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча активдүү иш жүргүзүүгө тийишпиз, бул жагынан Экономикалык тескөө министрлигинин жаңы жетекчилеринен үмүт кыламын. Биз тиешелүү чечимдерди кабыл алдык. Алар кагаз жүзүндү кала бербеши керек.

Мен Өкмөткө өзгөчө чакан жана орто бизнес үчүн салык салуу системасын олуттуу жөнөкөйлөштүрүү боюнча маселени иштеп чыгууну кечиктирбестен баштоону сунуш кыламын.

Азыр товарлардын, адамдардын жана капиталдын трансчекаралык эркин өтүп турушуна тиешелүү Россия жана Казакстан менен сүйлөшүүлөрдүн туруктуу процессин камсыз кылуу өтө маанилүү. Мен атайын топ түзүүнү суранамын, ал Бажы союзунун ишинин башталышы менен байланышкан маселелерди кылдат текшерип чыгуу менен алакеттенет. Биз республиканын жалпы позициясын ВТОнун алкагындагы милдеттенмелерди эсепке алуу менен иштеп чыгууга тийишпиз.

Күздү күтүп отурбастан, 2011-жылга мамлекеттик бюджеттин негизги көрсөткүчтөрүн түзүү боюнча топ түзүшүбүз керек.

Киреше базасынын жоктугунан, түштүктү калыбына келтирүү менен байланышкан чыгашалардын кескин өсүшүнөн, убада кылынган милдеттенмелерди аткаруудан келип чыккан бюджеттин алааматтык абалын эске алып, бизге бүгүнкү күндө мамлекеттик ресурстар кайдан түзүлө тургандыгын билишибиз зарыл. Корголгондорду кошпогондо, бардык статьяларды секвестициялоону жүргүзүү керек.

Ошондуктан ушул күндөн тартып бюджет менен байланышкандардын бардыгын өтө айкындуулук менен турмушка ашырууну суранамын. Бул сиздер менен биздин акчабыз эмес, бул жарандардын акчасы жана алар акчалардын эмнелерге сарпталып жаткандыгын билүүгө акылуу.

Өкмөт экономиканын стратегиялык секторлоруна, мамлекеттик материалдык активдерге кайрадан баа берип чыгууну турмушка ашырышы керек. Мамлекеттин активдери жөнүндө республиканын коомчулугуна толук отчет берип туруу керек.

Өлкөнүн эл аралык кредиторлорго карызын реструктуралаштыруу жана эсептен чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү көтөрүп чыгуу керек. Россия тарап мындай сүйлөшүүлөргө даяр экендигин мага жакында телефон аркылуу сүйлөшүүдө Россия Федерациясынын Президенти Д.А. Медведев айтты. Мен карыздарды республиканын түштүгүндөгү гуманитардык акцияларга алмаштыруу механизмдерин пайдалануу жөнүндө жакында айтылган идея колдоого татыктуу деп ойлоймун, атап айтканда, бул программанын алкагында социалдык жана транспорттук инфраструктуранын об”ектилерин калыбына келтирүүгө болот.

Мен ошондой эле алар боюнча Убактылуу өкмөт чечим кабыл алган об”ектилерди мамлекеттештирүү менен байланышкан процедураларды тездетүүнү жана аларды ачык ак ниеттүү тендерлердин негизинде сатууга тезинен киришүүнү талап кыламын. Дегинкисинде бизге мамлекеттик мүлктү приватташтыруунун жана мамлекеттен бөлүп чыгаруунун жаңы программасын жана жаңы механизмдерин кайрадан карап чыгышыбыз жана даярдашыбыз керек.

Ал түгүл эгерде биз белгиленген жана дагы өркүндөтүлүшү мүмкүн болгон экономиканы либералдаштыруу боюнча чаралардын комплексин толук менен ишке киргизсек да, биз ушунчалык тез, зарыл катары, ал эми башкысы ушунчалык олуттуу кайтарымды ала албай тургандыгыбызды талдоо көрсөтүүдө. Инвестициялардын агымы абадай зарыл. Өкмөт ата мекендик инвесторлорду, ошондой эле өзгөчө чет өлкөлүк инвесторлорду тартууга багытталган инвестициялык программаны жана механизмдерди тезинен иштеп чыгышы зарыл.

Эң жакынкы 3 айдагы өтө маанилүү милдеттердин бири Камбар-Ата –2-ГЭСинин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү, ал эми эң жакынкы жарым жылда Камбар-Ата-2-ГЭСинде 2- жана 3-гидроагрегаттардын

курулушу жөнүндө чечим кабыл алуу болуп эсептелет.

Ошондой эле кечеңдетип отурбастан 3 айдын аралыгында Датка жана Кемин подстанцияларын, ошондой эле Датка-Кемин 500 кВ ЛЭПин куруу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кредиттик Макулдашууну иштеп чыгуу керек. Биз тиешелүү макулдашууларга кол коюлгандан кийин үч айдан кечиктирбестен жогоруда көрсөтүлгөн энергетика об”ектилеринин курулушун аяктоого тийишпиз.

Ушуну менен катар өкмөттөн шашылыш тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында энергиянын жаңыртыла турган булактарын өнүктүрүү жана ишке киргизүү, анын ичинде чакан ГЭСтерди куруу, энергиянын күн жана башка булактарын пайдалануу боюнча программаны даярдай баштоону суранамын.

Биз “Жер-Үй” жана “Талды-Булак” кендерин өздөштүрүү ишин жандандырууга инвесторлорду мажбурлоого тийишпиз.

Өкмөт жана Улуттук банк өлкөнүн банк системасын турукташтыруу маселелери менен кунт коюп иштөөлөрү керек. Бизде жакшы банк мыйзамы бар, ошондуктан мурда жолду үй-бүлөлүк монополисттер жаап келишкен финансы институттарын өлкөгө кеңири тартүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар.

Айылда иштешкен микрокредит мекемелерин өнүктүрүү өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Биз финансы ресурстарын эң алыскы райондорго жана эң пайдалуу шарттарда жеткирүүгө тийишпиз.

Ошондой эле россиялык бюджеттин каражаттарын жана өзүбүздүн активдерибизди сатуудан түшкөн акчаларды жеп алууну токтотуу керек деп эсептеймин. Бул акчалар иштеп берүүгө, өлкөгө киреше алып келүүгө тийиш. Өкмөт шашылыш тартипте Өнүктүрүү банкын түзүү боюнча сунуштарды киргизиши, анда бардык ушул ресурстарды топтоштуруу жана аларды жүгүртүүгө, өнүгүү максаттарына жумшоо керек.

Бизге төртүнчү милдет, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана соңку жылдарда кескин начарлап кеткен криминалдык кырдаалды оңдоп-түзөтүү үчүн толук чара көрүү керек. Бул көп жагынан бийликтин өзү криминалдуу болгондугу жана бүткүл коомго жүрүм-турумдун үлгүсүн көрсөткөндүгү менен шартталган.

Ушул оор айларда биз коомдук коопсуздук үчүн күрөшүүнүн эң маанилүү тажрыйбасына ээ болдук. Биз бузуп-жаргыч күчтөрдү, кылмыштуу элементтерди, экстремисттик уюмдарды эскертүү жана бейтарапташтыруу, ошондой эле жер-жерлердеги азгырууларга жана мүмкүн болуучу терактыларга ыкчам жооп кайтаруу максаттарында күч жана тескөө органдарына кеңири, анын ичинде оперативдик ыйгарым укуктарды бердик.

Демилге тартибинде өлкөдө калк конуштарынын жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга коомдун катышуусунун структурасы пайда болду жана калыптанды. Өзүн-өзү уюштура билүүнүн жана жарандык эрдиктин үлгүлөрүн көрсөтүшкөн элдик кошуундар жана ополчениелер биздин өлкөбүздө түзүлүп жаткан жаңы жарандык коомдун жаңы, өзгөчө маанилүү компоненти болуп калды.

Ошол эле убакта биз бүткүл укук коргоо системасы реформалоого, тазаланууга жана чыңдалууга муктаж экендигин даана көрдүк. Бул маселе боюнча өкмөттүк жумушчу тобун түзүүнү жана августтун аягына чейин бул чөйрөдөгү комплекстүү реформа боюнча сунуштарды даярдоону максатка ылайыктуу деп эсептеймин. Ички иштер министри К. Байболов бул иште тажрыйбага ээ, парламенттин депутаты болгон кезинде эле ушуну менен алакеттенип келген. Башка бардык укук коргоо органдары менен эриш-аркактыкта сунуштарды иштеп чыгууну ага тапшыруу керек деп ойлоймун. Бул жерде тышкы, жасалма өзгөртүүлөр менен гана чектелүүгө болбойт. Муниципалдык милициядан тартып сот системасына чейин өлкөдө укук тартибин камсыз кылуу принцибинин өзү олуттуу кайра уюштурууга алынууга тийиш. Ал эми кадрлар менен иштөө борбордук пункт болууга тийиш.

Баңги заттарынын жүгүртүлүшүнө контролдук боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматы түзүлүп жаткандыгын сиздерге маалымдап койгум келет. Бул жагынан мен документке кол койдум.

Юстиция министрлиги, министрликке караштуу ченемдик укук актыларын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия колдонулуп жаткан мыйзамды Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясынын талаптарына ылайык келтирүү боюнча ишти кийинкиге калтырбашы кекрек.

Өлкөнүн кадр системасын калыбына келтирүүнү, мамлекеттик татыктуу кадр корпусун түзүүнү өкмөттүн дагы бир, бешинчи милдети деп эсептеймин. Соңку он жылда А. Акаев менен К. Бакиев өлкөбүздө мыйзам жүзүндө аныкталган кадр саясатынын маани-маңызын бурмалоо үчүн көп нерселерди жасашты.

Биз чындыгында эле мамлекеттин кадр саясатына тиешелүү жакшы мыйзамга ээбиз. Проблема ал кадам сайын бузулуп жаткандыгында. Бакиевдин учурунда бул мыйзамды эң одоно бузууларга, кадр ишиндеги толук волюнтаризмге, жогорку жетекчи кызматтарга дээрлик жакын туугандарын дайындоого чейин жеткендигин сиздер билесиздер. Элдин нааразылыгынын жана каршылыгынын башкы себептеринин бири дал ушунда болгон.

Убактылуу өкмөт бир жагынан зарылдыкка жараша, бир жагынан анын тигил же бул мүчөлөрүнүн калыссыздыгына жараша, ачык, кынтыксыз кадр саясатынын маанайында иштей албагандыгын моюнга алуу керек. Бир катар дайындоолор кесиптик себептерден эмес, оппозициянын алдындагы тигил же бул сиңирген эмгектеринен, же жекече себептерден болуп кетти.

Андан тышкары, кадрларды алмаштырууга мораторий киргизилгендигине карабастан, биз министрликтерде жана ведомстволордо, башка мамлекеттик органдарда адамдарды негизсиз алмаштыруу процессин токтотуп калууга жетише албадык. Бул ведомстволордун жетекчилеринин чечимдери, жөн эле кадрларга кысым көрсөтүү менен жасалып келген.

Биз ошондой эле бийликтин легитимдүүлүгүнө тиешелүү укук талаасына кайрылып келдик, биз азыр кадр маселелеринде укук талаасына кайрылып келүүгө тийишпиз. Мындан ары мамлекеттик кызматка бир да дайындоо же андан бошотуу мыйзамда каралган процедуралардан башкача жасалууга тийиш эмес. Бизде бул иш үчүн атайын орган бар – анын статусун олуттуу көтөрүү жана анын жетекчилигин бекемдөө керек.

Биз башкаруу органдарына, чарбалык жана администрациялык структураларга келечектүү, жогорку кесипкөй кызматкерлерге жол ачып берүүчү чечкиндүү кадрдык жаңыланууларды жүргүзө алышыбыз үчүн башкаруучулардын, мамлекеттик кызматчылардын жаңы муунун даярдоого багытталган узак мөөнөттүү, келечектүү кадр саясатын ишке киргизишибиз керек.

Мен Өкмөттөн жана Президенттин администрациясынан облустук, райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин жана шаарлардын мэрлеринин сапаттык курамын ылгап чыгууну жана кадр потенциалын бекемдөө жана региондордогу иштердин абалы үчүн алардын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгууну суранамын.

Өлкөдө чындыгында ар кыл партиялардын өкүлдөрүнөн турган коалициялык өкмөт түзүлө тургандыгын эске алып, муну жасоо өзгөчө маанилүү. Эгерде биз мамлекеттин кадр корпусун туруксуз, көп алмашылган саясий кон”юнктуранын таасиринен алып чыкпасак, анда бул дайындоолордун тууган-туушкандык-кландык системасынан деле дурус болбойт.

Мен айткым келип жаткан дагы бир маанилүү ой бар. Өкмөт жарандык коом менен эң тыгыз карым-катнашта иштөөгө тийиш. Мен саясий партияларды да, бейөкмөт уюмдарды да, жалпыга маалымдоо каражаттарын да, кесиптик союздарды да, жалпысынан өлкөбүздө топтолгон бүткүл коомдук зор потенциалды көңүлгө алып жатамын. Бул иш да жогортодон эмес, өнөктөштүк позициясынан түзүлүүгө тийиш. Эгерде биз чогуу иштебесек, анда бизден эч нерсе чыкпайт. Мен буга өтө ишенемин. Өкмөт жарандык коом менен бирдикте биргелешип иштөөнүн механизмдерин жана процедурасын иштеп чыгууга тийиш. Ал турсун, мен өкмөт мамлекеттик милдеттердин чечилиши үчүн жарандык коомго жоопкерчилик жүктөй ала турган чөйрөлөр көп экендигин айтамын. Бул да туура жол. Биз мамлекеттин жалпылыгынан кетүүгө жана улам көбүрөөк коомдук өз алдынча башкаруу жагына барууга тийишпиз.

Кымбаттуу жарандаштар!

Буларды турмушка ашыруунун бардык ушул пункттарын жана жолдорун эң жакынкы мезгилдеги өзүмдүн программам жана өкмөттүн программасы деп эсептеймин.

Өкмөттүн жаңы курамынын иштөө мөөнөтү өтө чектелүү – парламенттик шайлоого жана Жогорку Кеңештин өкмөттү түзүшүнө чейин.

Бирок бул өкмөттү дайындоо бул мөөнөттүн чегинен кыйла чыгып кетет. Биз эң маанилүү үч милдетти чечүүгө тийишпиз. Биринчиден, албетте, калыбына келтирүү милдети. Бирок биз андан тышкары өлкө үчүн өзүнчө бир багыттап туруучу кыймылды баштоого, ошондой эле өкмөттүн демократиялык мамлекетте иштешинин үлгүсүн түзүүгө тийишпиз. Башкача айтканда биздин Өкмөт өлкөнүн өнүгүшүнө старттык түрткү берүүгө тийиш. Ал так жана күчтүү болушу өтө маанилүү.

Эгерде сиздер ишке так ушундай карасаңыздар, алар бул сыяктуу милдеттерди чечүүгө өтө аз болгон өзүңөрдүн ар күнкү ишиңерге ушундай мамиле жасасаңар, анда, албетте, бул өкмөттүн ролу жана мааниси техникалык жана убактылуу өкмөттүн тар алкагынан алыска чыгат. Сиздер парламентке ким келбесин бизге бул өкмөт жагат, ал мындан ары да иштей берсин деп айта алгыдай иштөөгө тийишсиздер.

Бардыгыңыздарга ийгилик каалайм. Ыракмат”. (которгон Ж.Тынаев)


« Пред.   След. »


ВИДЕО
Get the Flash Player to see this player.
 


Кыргызстан эли эркиндикти тандады:
7-апрелдин 7 соболу

«КАБАРДЫН» долбоору



Гүлниза Бейшенбаева:

«Өлкөдө сөз эркиндиги муунтулуп, ачык айтып чыккан журналист болобу, саясатчы болобу куугунтукталып, камалып, сабалып, бейкүнөө соттолуп жатты»


Толугу менен…

Долбоордун башка катышуучулары…
 
2010 Баардык укуктар корголгон
© Кабар
Разработка сайта - Компания Megahard